Menu

Третьяков галереясынан Куинжинин чыгармасы уурдалды

Бөлүшүү:

Москвадагы Третьяков галереясынан Архип Куинжинин “Ай-Петри. Крым” сүрөтүн көрүүчүлөрдүн көзүнчө уурдап кетишти.

Картинанын уурдалганы тууралуу маалыматты Орусиянын Маданият министрлиги жана ИИМи тастыктады. Чыгарма көрүүчүлөрдүн көзүнчө уурдалганы айтылууда. Белгисиз киши өзүн музейдин кызматкери катары көрсөтүп, Куинжинин “Ай-Петри. Крым” сүрөтүн алкактан чыгарып алып качып кеткен. ИИМдин маалыматы боюнча жардамчысы аны галереянын алдында автоунаа менен күтүп турган.

Полиция галереянын имаратын курчоого алды, шектүүнүн фотороботу түзүлдү.

Былтыр октябрдан бери Третьяков галереясында сүрөтчү Архип Куинжинин көргөзмөсү өтүүдө. “Ай-Петри” картинасы Петербургдагы Орус музей фондусуна таандык. Анын кепилдендирилген наркы – 12 миллион рубль.

Орусиянын Маданият министрлиги сүрөттүн чет өлкөгө чыгарылып кетишинин алдын алуу үчүн аны уурдалган чыгармалардын тизмесине киргизди.

Былтыр май айында Третьяков галереясында көрүүчүлөрдүн бири Илья Репиндин “Иван Грозный жана анын уулу Иван” полотносуна зыян келтирип алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: