Menu

“Дамир Казакович, Жалал-Абаддагы кыңыр иштерди көзөмөлүңүзгө ала аласызбы?”

Бөлүшүү:

Урматтуу Дамир Казакович!
Мен Жолдошбай Эргешов укук коргоочу катары төмөндө менин билдирүү арызымда көрсөтүлгөн Жалал-Абад ОИИББ тергөөчүлөрү М.Исагалиев, Б.Мамбеталиев, С.Султановдордун Бегай Исраилованын шектүү баласы жөнүндө мыйзамсыз токтом чыгаргандыгы боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан текшерилмейинче адилеттүү жыйынтык болбойт. Ошондуктан, атайын Бишкектен комиссия келишин суранам. Менин кайрылганым алдамчы Бегай Исраилованын үстүнөн жүздөгөн арыздар президентке, Жогорку Кеңешке, өлкөбүздүн башкы прокуроруна жазылган (эмне себептен ал айымдын үстүнөн арыз жазылганы кайрылуунун мазмунунда толук түшүнүктүү болгон. Андан тышкары Жалал-Абаддагы күч органдары да бул иштен толук кабардар). Аты аталган жогорку органдардын баарысы биздин жазган арыздарыбызды текшерүү үчүн Жалал-Абад облустук прокуратурага жиберишет. Облустук прокурор текшерүүнү ОИИББге жиберет. ОИИББ менен Жалал-Абад ШИИББ тергөөчүлөрү Бегай Исраилова менен тыгыз
байланышта болгондуктан тергөөчүлөр аны коргоп, “Бегай Исраиловада кылмыштын курамы жок” – деген токтом чыгарышкан. Ошондуктан, облустук прокуратура УКМК менен биргеликте адилет тергөө жүргүзүүсүн суранам.

Менин талабым:
1. Биринчи жолу тергөө жүргүзүп, “Бегай Исраиловада кылмыштын курамы жок” – деп мыйзамсыз токтом чыгарган Жалал-Абад ОИИББ тергөөчүсү М.Исагалиевге мыйзам чегинде чара көрүүнү талап кылам.

2. Экинчи жолу тергөө жүргүзүп, “Бегай Исраиловада кылмыштын курамы жок” – деп мыйзамсыз токтом чыгарган Жалал-Абад ОИИББ тергөөчүсү Б.Маматалиевге мыйзам чегинде чара көрүүнү талап кыламын.

3. Үчүнчү жолу тергөө жүргүзүп, “Бегай Исраилованын баласы шектүү (уурулук) экени аныкталды, кылмыш иш козгосок узакка созулуп кетет, ошондуктан, кылмыш ишин козгобой эле баланы алып Ош облусунда ушундай балдарды бага турган өкмөткө караштуу ишкана бар экен. Ошого алып барып тапшырам” деп бизди алдаган, ишти башаламан кылган ошол кездеги ОИИББ дин тергөөчүсү С.Султановдун үстүнөн кылмыш иш козгоону талап кылам.

Урматтуу Дамир Казакович!

Жогорудагы кайрылуума кулак түрүп, ушул ишти өз көзөмөлүңүзгө алуу менен тиешелүү органдарга тапшырма берүүңүздү өтүнөм жана мени өзүңүз жеке кабыл алууңузду суранам.

Кайрылуу ээси Жолдошбай Эргешов,
Жалал-Абад облусу, Сузак району, Гүлүстан айылы.
Байланыш тел: 0 778 20-00-59.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: