Menu

ЭККМК “Айкөл Ала-Тоонун” мурунку жетекчилерине карата кылмыш иши тууралуу маалымдайт

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) (мындан ары – ЭККМК) төмөнкүнү маалымдайт.

2018-жылы ЭККМКга “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин (КБ) мүчөлөрү аталган коомдун мурунку төрагасы М.М. жана башкаруу мүчөлөрүнө карата “Айкөл Ала-Тоо” КБнын мүчөлөрүнө социалдык колдоо көрсөтүү үчүн бөлүнгөн акча каражаттарын мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы боюнча чара көрүү арызы менен кайрылышкан, анын негизинде алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иши боюнча чогултулган материалдарга ылайык “Айкөл Ала-Тоо” КБнын жетекчиси жана орун басары “Т.” 2 млн. сомдон көп суммадагы көмүр түрүндөгү бекер материалдык жардам алып, аларды Коомдук бирикменин мүчөлөрүнө бөлүп бербестен, мыйзамсыз акча каражаттарды өзүлөрүнө ыйгарып алышкан.

Мындан тышкары, кылмыш ишин иликтөө учурунда тергөө тарабынан аталган коомдун мүчөлөрүнө материалдык жана социалдык жардам берүү түрүндө түшкөн акча каражаттарды ыйгарып алуу сыяктуу ушундай фактылар дагы аныкталды.

Азыркы убакта кылмыш ишин толук, ар тараптуу жана объективдүү иликтөөгө багытталган тергөө иштери жүрүп
жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 43 = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: