Menu

Казак ИИМи Жашы жете электердин иши боюнча комиссиянын жыйынын өткөрүүнү сунуштады

Бөлүшүү:

Казакстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) өспүрүмдөр арасындагы зомбулук көрсөтүү учурлары тартылган видеолордун жайылышына байланыштуу Жаш жете электердин иши боюнча комиссиянын жыйынын өткөрүүнү сунуштады.

«Министрлик Түркстан, Кызылордо, Караганды жана Актөбө облустарында жаралган абалды талкуулап, тиешелүү чараларды көрүү үчүн Жашы жете электердин иштери боюнча мекемелер аралык комиссиянын жыйынын өткөрүүнү сунуштайт», — деп билдирди ИИМдин басма сөз катчысы Алмас Садубаев.

Казак мыйзамдарына ылайык, кылмыш жасаган маалда 14 жашка толгон өспүрүмдөр Кылмыш кодексинин бир нече беренеси, анын ичинде «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.

Өткөн жума күнү ИИМ Кызылордо шаарындагы мектепте болгон окуяны иликтей баштаганын кабарлаган. 21-январда жогорку класстын балдары үч окуучуга зомбулук көрсөтүп жатканы тартылган видео жарыяланган. Бул социалдык түйүн колдонуучуларынын нааразылыгын жараткан. Көп өтпөй полиция «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. 10-январда Актөбө полициясы жогорку класстын окуучулары менен мектепти аяктап кеткен балдардын ортосундагы мушташты иликтей баштаганын билдирген. Полициянын маалыматы боюнча ал мушташтын жыйынтыгында биринчи курстун студенти бычактан алган жарааты менен ооруканага жеткирилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 24 = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: