Menu

Салымбековдун эмгеги татыктуу бааланды

Бөлүшүү:

2012-жылы күзүндө Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы Улуттук футбол федерациясынын президенти болуп шайланганда, элдин көбү нааразы болгону эсибизде. Бул түздөн-түз Акаев менен Бакиевдин балдары Улуттук олимпиада комитеттерине
кийлигишкендерин эстеткен. Бирок, убакыт өткөн сайын кыргыз футболу ФИФАнын рейтингинде болуп көрбөгөндөй көтөрүлүп, ийгиликке жетишкенде, бул жеңиштер Семетей Султановдун аты менен байланыштырылып, ал мактоого арзыды. Султанов
эмнегедир күтүүсүз эле Азия кубогу бүтө элек жатып, өзүн футбол федерациясынын президенттигинен кеткенин жарыялады. Буга ким себеп болгону да белгисиз. Жаңы бийлик жактан деле кандайдыр бир кысым болгонун айтууга деле болбойт. Семетей
мырза апрель айында Азия Федерациясынын вице-президенттигине талапкерлигин койгону чындык. Эми аны сөзсүз биздин Орто Азия мамлекеттери колдоп берсе, арабдар дагы ага атаандаш койгон ирандыкты колдобой, Семетейдин шайланышы боло турган эле иш. Азия Федерациясын башынан эле бай арабдар башкарып, Чыгыш Азия мамлекеттерине (Кытай, Япония, Кореяларга) алдыртышпайт. Албетте, алар үчүн ирандыкка караганда, кыргыз менен иштешкенге ыңгайлуу. Футбол бул чоң саясат! Бирок ошону да эске алганда, Семетей Султанов улуттук федерациясынан кичине бир шашылыш менен кетип, жаштык кылып койдубу деген ой келет.

Бирок кыргыз футболунун бүгүнкү триумфатору, ушул жеңиштерге бирден-бир шарт түзүп берген, чарчабай күжүрмөн эмгек кылып келген киши – бул Аскар Салымбеков. Ал бул кыялды отуз беш жылдан бери аркалап келгенин азыркы жаштар деле билбесе керек. Анткени, Аскар Мааткабылович чириген бай жана “Дордой” клубунун ээси болгуча чейин эле, шаардык спорт комитетинин жетекчиси катары, ага чейин Физкультура институнда эле иштеп жүргөндө спорт деп күйүп, кыргыздын дүйнөгө атагын чыгарууга аракет кылып жүргөн. Ошондуктан, биз Аскар Салымбековго бүгүн чын жүрөктөн алкыш айтып, элдин атынан ыраазычылык билдербесек акыйкатсыздык болуп калат. Келе турган Улуттук Федерациясынын жыйынында Аскар Салымбековдун эле президент катары шайланышын талап кылышыбыз керек. Жеке өзүнүн чөнтөгүнөн башка байлардан айырмаланып, азыр атагы чыгып аткан баардык балдарыбызды бапестеп өстүртүп, эми кайра өзү чогултуп, курама команданын 90 пайызына чейин оюнчуларды таптап атканын кантип танабыз. Аны президенттин “Манас” үчүнчү даражадагы ордени менен сыйлаганы да туура чечим болду. Ак эмгек татыктуу бааланды.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: