Menu

Өзбекстандан Кыргызстанга 3,5 млн доллар алып чыгууга аракет жасаган аткезчилер кармалды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын өкүлдөрү Кыргызстанга 3,5 млн доллар алып чыгууга аракет жазаган кишилерди кармады. Бул тууралуу “Өзбекстан-24” каналы билдирди.

Маалыматка караганда, Фергана – Жогорку Вуадил трассасында “Нексия” үлгүсүндөгү автоунаа текшерүү үчүн токтотулган. Анын алкагында А. Д. аттуу жарандын машинесинен жана үйүнөн 1,7 миллион доллар табылган.

Андан тышкары 56 жаштагы кыргызстандык жарандын унаасынан 1,7 миллион доллар алынган. Бул акчалар Ташкенттен Кыргызстанга жөнөтүлмөк болгон.

Жалпысынан аткезчиликке шектелген кишилерден 3,5 миллион доллар алынган. Учурда бул фактылар боюнча кылмыш иши козголду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 67 = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: