Menu

Канат менен Шакинин тиреши күч алабы?

Бөлүшүү:

Парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынын чыныгы лидери ким экенин азыр эч ким билбейт. Баатырбеков деген кагаз түрүндө гана лидер болбосо, аны ээрчиген команда деле жок. Лидер болуп жарытылуу сөз айтууга дарамети деле жетпеди. Азыр
“Кыргызстан” фракциясы үч топко бөлүнүп калганын эч ким тана албайт. Канат Исаевге таандык болгон команда партиянын кожоюну Шакинин айтканын уруп ойнобойт. Өздөрүнчө иш алып барып жатышат. Шакинин командасы Баатырбековду лидер деп анын тегерегинде жүрүшөт. Баатырбеков менен Исаевге да кошулбаган өз алдынча депутаттар да бар фракциянын ичинде. Аларга эки лидердин сөзү өтпөйт. Фракциясы бөлүнүп-жарылып жатканына бушайман болгон Шаки досу Канат Исаевдин өз алдынча лидер болуп жатканын жактыра бербей, аны фракциядан чыгарууга белсенип жатканы маалым болду. Канат Исаев фракциядан чыгарылса “Кыргызстандын” абалы мындан да оорлошуп кете турганы талашсыз. Шаки менен Канат ачык тирешке өткөнү ошондо ачыкталары шексиз. Исаевди фракциядан кууп чыкканга Шакинин таасири жетеби бүгүн? Азыртадан
эле кийинки шайлоого “Кыргызстанды” Шаки эмес, Канат баштап бара турганы айтылып калууда.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: