Menu

Bellingcat: Италия Түркмөнстанга 257 млн евролук курал жеткирген

Бөлүшүү:

Түркмөнстан курал-жарактарды Европа өлкөлөрүнөн сатып алууда. Bellingcat иликтөө тобунун маалыматына караганда, анын негизги бөлүгүн Италия жеткирүүдө.

2008-жылы ЕБ өлкөлөрү репрессивдүү мамлекеттерге курал-жарак экспорттого тыюу салуу чечимин кабыл алган. Мындан тышкары Италияда “Адам укуктары жөнүндөгү эл аралык конвенцияны бузууга жооптуу өлкөлөргө курал ташууга тыюу салган” атайын мыйзам бар.

Бул эки документ тең адам укуктары менен эркиндиктерине, диний ынанымдарына кысым көрсөтүп келген түркмөн өкмөтүнө тиешелүү болушу керек.

Ага карабай, Евробиримдиктин жылдык баяндамасына ылайык, 2007-2017-жылдары Түркмөнстан европалык өлкөлөрдөн 370 миллион еврого курал-жарак сатып алган. Анын 76% Италия жеткирген.

Bellingcat иликтөөсүнө ылайык, экспорттун негизги бөлүгүн ARX-160 мылтыгы түзгөн. Алар 2018-жылы сентябрда өткөн аскер парадында колдонулган. Италия 2017-жылы Түрмөнстанга жалпы наркы 528 миң еврого бааланган 300 мылтык жеткирген.

2018-жылы Түрмөнстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөн парадда Италиядан алынып келинген AW-109 жана AW-139 тик учуктары дагы көрсөтүлгөн.

Италиядан башка ЕБ өлкөлөрүнүн көпчүлүгү курал-жарак экспорту боюнча маалыматтарды ачык жарыялайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: