Menu

Шайлоонун оюну ойноло баштады

Бөлүшүү:

“Түкүрүк” кодекстери Жээнбековго бир топ сокку урду. Саясий туткундарды бошотуудан баш тартуусу болсо саясий айдыңда көңүл калуу жана нааразылыктарды пайда кылды. Кечээ Атамбаев менен тирешинде Жээнбековду колдогон Өмүрбек
Текебаев, Садыр Жапаров, Бектур Асанов, Кубан Кадыров жана башка саясий туткундардын тарапкерлери “үмүттөрүн биротоло үзүп”, айрымдары бийликке каршы чыгуу алдында турат. Маселен, Жапаровдун кээ бир тарапкерлери соцтармактар аркылуу
“Жээнбековду кетсин” дегенге барып жатса, Жапаров өзү учурда бийликке негизги оппонент болуп жаткан Адахан Мадумаров менен жакындашуу аракетин жасоодо. Жапаров “бизди парламенттик шайлоого катыштырбоо максатында абактан чыгарбай жатат” деп билдирди. Бирок алар муну менен жатып калбай абактан күрөшүн жүргүзө башташты. Маселен, Өмүрбек Текебаев Кумтөр маселесин кайра көтөрүп, азыркы бийликти АША учурунда мөңгүлөрдү талкалоого жол берген “Суу кодексине”
өзгөртүүлөрдү жокко чыгарууну талап кылды. Бул маселени бийликке сыноо катары баалады…

Саясий туткундар жана сыртта Кыргызстанга келе албай жүргөн саясатчылар айласы калбаганда өз ара биригип, парламентке өз тарапкерлерин алып келүүнүн үстүнөн иштей баштаганы байкалат. Алар бул максатка жетүү үчүн туу башына Адахан
Мадумаровду көрүп жатканы да жашыруун эмес.

Бийлик да парламенттик шайлоого даярданууда. Бирок президент алдында учурда эл ичинде популярдуу эмес Абылгазиевдин өкмөтүнүн тагдырын чечүү маселеси турат. Мына ушул маселе чечилгенден кийин жаңы өкмөт менен парламенттик шайлоого
даярдык катууламакчы.

Жээнбеков жана командасы Жогорку Кеңешке бир партия эмес, 3-4 партия менен келип, парламентти колдон чыгарбоого жанталашат. Мына ошол партиялардын ар биринин тизмеси бийлик эгесине лоялдуу “балдар” менен толукталмакчы…

А.Акматов

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 + = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: