Menu

Александр Крестининди алып келген Пирматовго да алкыш айтуу керек

Бөлүшүү:

Азыр футбол боюнча улуттук командабыздын башкы тренери Александр Крестининди баарыбыз мактап, командабызды жогорку деңгээлге алып чыкканына алкыш айтып бүтө албай жатабыз. Чындыгында Крестининдин кыргыз футболчулары үчүн
жасаган эмгеги опол тоодой эле болду. Кыргыз футболун дүйнөлүк коомчулукка тааныткан тренерди Кыргызстанга алып келген адамга дагы алкыш айтуу ашыктык кылбайт. Ушундай тренерди кыргыз жергесине алып келген адам парламенттеги “Бир
бол” фракциясынын депутаты Исхак Пирматов. Пирматовдун мыкты футбол адисин издеп таап, анын сунушуна макул болуп алып келген эмгеги да унутта калбай айтылышы керек.

Александр алгач Кыргызстанга оюнчу катары Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасына келген. Бул сүйлөшүү 2009-жылдын аягы, 2010-жылдын башында болгон. “Нефтчи” клубу үчүн күйгөн футболчу Мирлан Сыдыков демөөрчүлүк кылган “Кыргызнефтегаз” ААКнун башкармалыгынын төрагасы Исхак Пирматовго барып, чет жактан мыкты оюнчуларды таап келип, клубду Кыргызстандын чемпиону кылса болорун айтып кайрылат. Пирматов анын сунушун колдоп, оюнчулар үчүн акча каражатын чечип берүүнү мойнуна алат. Крестинин клубга оюнчу болуп келип, биздеги шартты, оюнчулардын деңгээлин көргөн соң, бул жакта калуунун кажети жок деп чечет. Ошондо Пирматов аны “Нефтчинин” тренери болуп, клубду Кыргызстандын чемпиону кылып берүүнү суранат. Александр Крестининдин футболдогу тренердик өмүрү ушундан башталган. Бул боюнча Крестинин
өзү Краснодардын “Krasnodar.bezformata.ru” сайтына берген маегинде “Клубдун көпчүлүк футболчулары жөнөкөй учурларда туура эмес чечимдерди кабыл алганын көрүп , бул жерде калуунун зарылчылыгы жок экенин түшүндүм. Техникалык директор Сыдыковго барып келишимди буза турганымды айтканымда, ал “Сен команданын машыктыруучулугун колго аласыңбы?” деп сураганда, күтүүсүздөн көзүм чыгып кете жаздады. “Нефтчинин” демөөрчүсү “Кыргызнефтегаз” экен. Ишкананын башында Исхак Пирматов турган. Ал киши таанышкан учурубузда “Менин командам чемпион болуш үчүн эмне керек экенин айт?” деп сураган. Пирматов өз сөзүнө турган адам экен” деп айтыптыр. Андыктан, биздеги шартты көрүп, кетем деп жаткан Крестининди кетирбей, шарт түзүп берген Пирматовго да алкыш.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 + = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: