Menu

Өкмөт мамлекеттик карыздын чегин ИДПга карата 70% чейин жогорулатууга ниеттенүүдө

Бөлүшүү:

Өкмөт мамлекеттик карыздын чегин ИДПга карата 70%га чейин жогорулатууну сунуштоодо. 28-январда парламенттин Бюджет жана каржы маселелери боюнча комитети Бюджет кодексине киргизилген тиешелүү өзгөртүүлөрдү кабыл алды.

Каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын айтымында, ЕАЭБ жөнүндөгү келишимдин жоболоруна ылайык, бюджеттин таңкыстыгы ички дүң өнүмдүн 3% ашпоосу керек. Мамлекеттик карыздын ИДПга карата катышынын деңгээли 70% жогору болбоого тийиш.

Министр депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, 70% учурда оптималдуу көрсөткүч экенин айтты.

Демилгечилердин пикиринде, лимитти жогорулатуу – бюджет мыйзамынын жакшырышына алып келип, аны эл аралык талаптарга жакындатат.

Каржы министрлигинин 2018-жылдын 30-ноябрындагы маалыматына караганда, өлкөнүн мамлекеттик карызы 4 млрд 477 млн долларды же ИДПга карата 58% түзгөн. Мамлекеттик карыздын 85,7% – тышкы карыз, 14,3% – ички карыз.

Өлкө Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына 1,71 млрд доллар бересе.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 55 = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: