Menu

Өзбекстандан “БТА Банктын” каражатын уурдоого шектелген киши экстрадицияланды

Бөлүшүү:

Казакстан Башкы прокуратурасы менен Корупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттук бюронун кызматкерлери кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Өзбекстандан Артур Трофимов аттуу кишини алып келишти.

Көзөмөл орган кабарлагандай, Трофимов “2005-2009-жылдар аралыгында “БТА Банктан” ири көлөмдө акча уурдаган, арам акчаны адалдаштырган, кылмыштуу топ түзгөн” деп шектелүүдө.

Казакстан Башкы прокуратурасы шектүү эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын биргелешкен иш аракетинин негизинде экстрадицияланганын белгиледи.

Бир жарым жыл мурун “БТА каражаттарын уурдоо” иши боюнча мурдагы банкир, оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязов 20 жылга сыртынан соттолгон. Ал 2009-жылдан бери чет өлкөдө жашайт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 + = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: