Menu

Магнитогорскиде жарылуудан кийин кармалган кыргызстандыктын кыйноого алынганы текшерилүүдө

Бөлүшүү:

Орусиянын Челябинск облустук тергөө башкармалыгы Магнитогорскидеги үйдүн жарылышына тиешеси болушу мүмкүн деп кармалган кыргызстандык жаран кыйноого алынган деген маалыматтарды текшерүүдө.

Ошол эле маалда тергөө башкармалыгы жабырлануучу жана анын аялы “кыйноо колдонулганын караманча четке кагып” жатканын ырастоодо.

Бирок Челябинск облусунун прокурору Виталий Лопин жабырлануучунун денесинде ур-токмоктун издери бар экенин маалымдады.

Кыргызстандын жараны Халимахон күйөөсү Хуснидин Зайнабидинов 16-январда Орусиянын коопсуздук органдары тарабынан камакка алынып, кыйноого кабылганын «Азаттык» радиосуна билдирген.

Хуснидин Зайнабидинов аялына күч органдары Магнитогорскидеги үйдүн жарылышына катыштыгы бар деп шек санап, ага белгисиз адамдардын сүрөтүн көрсөтүп, аларга каршы көрсөтмө берүүгө мажбурлашканын айтып берген. Ал полиция бөлүмүндө алты саат бою кыйноого кабылганын кабарлаган.

Орусиядагы укук коргоочу Бахром Хамроевдин билдиришинче, Зайнабидиновду «эл аралык издөөдө жүргөн кылмышкер» катары Кыргызстанга экстрадиция кылуу маселеси каралууда. Алдын ала маалымат боюнча Зайнабидинов 2010-жылы июнь коогасынан кийин Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан издөөгө алынган. Ал эми укук коргоочу Бахром Хамроевдун айтымында, Магнитогорскидеги окуялардан кийин борбор азиялыктар массалык түрдө камакка алынып, кысымга кабылууда.

31-декабрда Магнитогорскиде көп кабаттуу үйдө жарылуу болуп, 39 адам мерт болгон. Анда он кабат үйдүн бир подъезди толугу менен урап түшкөн. Эртеси 1-январда жарылуу болгон үйдөн үч чакырымдай жерде “Газел” үлгүсүндөгү автоунаа өрттөнүп, үч киши өлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: