Menu

АКШ тажик чек арачыларына 3,8 млн долларлык аскердик жардам берди

Бөлүшүү:

АКШнын Тажикстандагы элчилигинин өкүлү Кевин Коверт менен Тажикстандын улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов 29-январда тажик чек арачыларына 3,8 миллион долларлык аскердик жардам берүү аземине катышты.

АКШнын Тажикстандагы элчилиги маалымдагандай, тажик чек арачыларына мамлекеттик чек ара тилкелерин көзөмөлдөй турган радардык система тапшырылды.

Элчилик тараткан билдирүүдө АКШ Тажикстандын көз карандысыздыгын колдой турганы, аймактагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоодо өнөктөш болуп кала берери айтылат.

Кошмо Штаттар Тажикстан менен 27 жылдан бери кызматташып келет. Бул убакыт аралыгында өлкөгө жеке сектор, айыл чарба, саламаттык сактоо, билим берүү, демократиялык институттар жана коопсуздук программаларынын алкагында 1,8 миллиард долллар жардам берген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: