Menu

ИИМ: Мурдагы милиция кызматкери кармалды

Бөлүшүү:

ИИМдин Ички иликтөө кызматы мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоо максатында ички иштер органдарына келген жактарды алдын алууга, ИИОнун кызматкерлери тарабынан жасалган мыйзамсыз иштерди аныктоого жана бөгөт коюуга, андан сырткары ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасында мыйзамдуулук менен тартипти бекемдөөгө багытталган иштерди жүргүзүүнү улантышууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдайт.

2019-жылдын 28-январь күнү Кыргыз Республикасынын Ички иликтөө кызматына Ж.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, “Каныбек” аттуу милиция кызматкерине карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранып, интернет мейкиндигине жабырлануучунун катышуусу бар видеону жайгаштырам деп коркутуу жолу менен опузалап 20 000 миң сом акча каржатын талап кылгандыгын билдирген. Аталган арыз Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси (опузалап талап кылуу) менен катталып, сотко чейинки иликтөөнү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

2019-жылдын 29-январь күнү болжол менен саат 23:15 чамасында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын
7-кичирайонунда жайгашкан №35 үйдүн жанынан жабырлануучудан талап кылган акчаны накталай алып жаткан жеринен Ы. Уулу К. кармалган. Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда күрмөсүнүн ички чөнтөгүнөн Майлуу-Суу ШИИБдин Убактылуу кармоочу жайынын кызматкери, милициянын сержанты Ы. уулу К. аттууга таандык кызматтык күбөлүк табылган. Териштирүү учурунда
аныкталгандай, аталган кызматкер 2018-жылдын башында терс мотив менен ички иштер органдарынан кетирилгени маалым болгон. Кармалган адам Бишкек ШИИББдин Убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы  тергөө амалдарын, ал эми ИИМдин Ички иликтөө кызматы кызматтык иликтөөнү жүргүзүп жатышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: