Menu

Өзбекстандын Жогорку соту беш жыл түрмөдө отурган чекистти актады

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери Мутабар Гафурова беш жыл түрмөдө отургандан кийин акталды. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлиги билдирди.

Маалыматтарга караганда, Мутабар Гафурова УККнын Кокон шаардык администрациясында оперативдүү кызматкер болгон жана 2009-жылы пенсияга чыккан. Атайын кызматтын Фергана облустук бөлүмүнүн башчысы менен урушуп кеткен соң ага каршы жалган иш козголгон.

Мутабар Гафурова 2009-жылы 23-декабрда улуттук, расалык, диний дискриминация, коомдук коопсуздукка коркунуч жараткан материалдарды даярдоо жана сактоо, мамлекеттик сырды ачыкка чыгаруу айыбы менен 7 жылга эркинен ажыратылган.

2015-жылы февралда Мутабар Гафурова мунапыс менен азаттык алган. 2017-жылы Башкы прокуратуранын жетекчилиги Ферганага келгенде кайрылуу жасап, өзүнүн күнөөсүз экенин аныктаган далилдерди берген.

2018-жылы январда Башкы прокуратура Мутабар Гафурованы актаган. Жогорку соттун апелляциялык коллегиясы соттун чечимин жокко чыгарган.

Ага сегиз жылдык пенсиясы – 103 миллион сум (12,5 доллар) төлөнүп берилген жана “капитан” наамы калыбына келтирилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: