Menu

Өзбекстанда мектептин буу казандар жайгашкан бөлмөсүндөгү жарылуудан бир киши каза болду

Бөлүшүү:

28-январда Өзбекстандын Бекабад шаарындагы мектептин буу казандар жайгашкан бөмөсүндө жарылуу болуп, 47 жаштагы бир адам каза тапты. Дагы эки киши жеңил жаракаттарды алышты.

«Биз буу казандар турган жерден 10 метр алыстыкта иштеп жатканбыз. Анан күтүүсүздөн эле жарылуу болду. Жанымдагы адам оор жараат алып, ооруканага бараткан жолдо каза болду. Анын артында беш баласы калды», — деди жабырлануучулардын бири.

Аталган мектептин мугалимдеринин бири окуя 28-январда күндүзгү саат 12лерде болгонун билдирди. «Буу казандар жайгашкан жай жакында эле оңдолгон. Биздин мектепти жана анын жанындагы бала бакчаны жылуулук менен камсыз кылып турчу. 28-январда газ берүү токтотулуп, газды кайра эскертпестен эле беришкен. Жыйынтыгында катуу жарылуу болду», — деди мугалим.

Бекабад шаардык прокуратурасынын кызматкери буу казандар жайгашкан бөлмөдөгү жарылууга жаратылыш газынын сызылып чыгуусу себеп болгонун билдирди. Ал жарылуу маалында бөлмөнүн ичинде эч ким болбогонун кошумчалады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 49 = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: