Menu

Табылды Акеров, саясат таануучу: “Атамбаев жана анын тегереги реванш алууга кызыкдар саясий топ катары белгилүү” 

Бөлүшүү:

– АШАнын Эмираттарга эс алууга кеткени чоң талкууга айланды го?

– Ооба, бул суроо көпчүлүк кыргызстандыктарды кызыктырууда. Анан калса, бул маселеге Н.Түлеев да кайрылып, ал А.Атамбаев менен бирге самолетто учуп баратканда өзүнүн жакшы кеңештерин айтканын билдирген. Н.Түлеев өзү да Атамбаевдин бийлик доорунда ушундай абалда калганын эскертип, бирок, өзүнүн жакын адамдары 60 млн. долларды бюджетке төлөп берип, эркиндикке чыгарганын, ал эми өзү жаза тартууга моюн сунганын айткан. Эми Атамбаевди да дал ошондой аракеттерге барууга кеңеш бергенин билдирип, бул маселени өтө кызытып койгон. Н.Түлеев бул оюн коомчулукка өтө ачык жарыялап салды. Түлеев жакын адамдары камакта олтуруп, сурак берип жатса, Атамбаев эс алганы сыртка кантип чыгып кетти деп, ары таң калып, ары нааразы болуп жатканы билдирди. Албетте, Атамбаевдин бул кылыгы туура эмес. Эгер ооруп, даарыланууга чыгып кетсе, анда бир жөн эле да. Маалыматта Атамбаев үй-бүлөсү менен эс алууга чыгып кетти деп айтылууда.

– Атамбаев Н.Түлеевдин кеңешерине муюйт деп ойлойсузбу?

– Атамбаев анын кеңештерин кабыл алабы же жокпу, азырынча айтуу кыйын. Бирок, ал өзүнүн пресс-конференцияларында, айрыкча акыркы билдирүүлөрүндө “мен президент катары акча тапчумун, ал эми ал акчаларды бирөөлөр туура эмес колдонсо, анда алар өз аракеттери үчүн өзүлөрү жооп бериши керек”- деп айтканы белгилүү. Башкача айтканда, Атамбаев муну менен “эгер менин командамда кимдир бирөөлөр мыйзамсыз аракеттерге барып, коррупциялык иштерди жасап жүргөн болушса, анда алар мыйзам алдында өз жазаларын алыш керек”- деген мааниде сүйлөгөн.

– Бирок, акыркы мезгилдерде кытайлыктарга каршы митингдерди “Атамбаев жана анын тегереги уюштуруп жатат”- дегендей сөздер тарады го. Атамбаев коомчулукка бирди айтып, өзү тымызын тескери аракеттери жасап, жазда кайрадан чаң-тополоң салгысы келип жаткан жокпу?

– Ооба, толук мүмкүн. Себеби, ошол митингге чакырган балдардын айрымдары мурда 7- апрель окуяларында да эл чакыргандардан экендиги айтылуу-да. Анан алар 1-2 жума мурда эле Бишкекке келип, эл чакырып жүргөндөрүн да көргөндөр бар экен. Атамбаев “Кыргызстандагы эки революцияны тең өзүм жасагам”- деп айтып жүрөт. Башкача айтканда, бул балдар деле КСДП менен бирге болуп, ошол жактагы команданы угуп, аткарып келгендерден болушу толук мүмкүн. Анан калса, бүгүн Атамбаев жана анын тегереги Кыргызстанда бийликке таарынган, бийликтен өч алууга, реванш алууга кызыкдар саясий топ катары белгилүү экени эч кимге жашыруун эмес. Бирок, менимче, бүгүн Кыргызстанда Атамбаев, Р.Отунбаева, Ө.Текебаев, А.Бекназаров баштаган революциячыл кыргыз саясий элитасы кан төгүлүп, мародерчулук менен коштолгон ыңкылап, төңкөрүш жана башка саясий шоу акцияларынан баш тартып, мезгилдин талабына көнүп, жаңы агым менен бирге аракеттениши керек. Кыргызстанда бүгүн абал Акаев, Бакиев, Атамбаевдин мезгилинен таптакыр башкача. Өлкөдө коррупция менен күрөш мурда болуп көрбөгөндөй күч менен жүрүп жатат. Көпчүлүк коррупцияга шектелген саясатчылар камакта олтурушат, сурак берип жаташат. Айрымдары уурдалган миллиондорду соттун чечими менен кайтарып берип жатышат. Сот жана укук коргоо органдарын реформалоо жүрүп жатат.

– Бирок, сиз Атамбаев чын эле эс алууга кетти деп ойлойсузбу же мамлекеттен чыгып кетишинин башка да себептери барбы?

– Мисалы, айрымдар божомол иретинде Атамбаев биротоло чыгып кетти деп да айтып жатышат. Менимче, Атамбаев кандайдыр бир проблеманы чечиш үчүн чыгып кетти. Себеби, экс-президент макамы бар мультидолларовый миллионер адам үй-бүлөсү менен кыска мөөнөткө эс алууга өлкөдөн чыкпайт да. Жок эле дегенде 15 күнгө же андан узак эс алууга кетмек. Атамбаевдин сыртка, Дубайга чыгып кетишинде кандайдыр бир сыр да болушу мүмкүн.

– Балким, ал биротоло чыгып кеткендир?

– Атамбаев өлкөдөн биротоло чыгып кетиши үчүн бир маанилүү себептер болушу керек. Мисалы, Кыргызстанда ал мындан кийин таасирдүү фигура катары кабыл алынбай кала тургандыгына көзү жетсе же КСДПдан биротоло чыгарылаарына көзү жетсе чыгып кетиши мүмкүн. Себеби, мындай абалдарда ал КСДПны жетектеп парламентке баруу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт.

Аэлита Сатындиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: