Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору Осмонов Болот Салбарович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.
Болот Осмонов өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арызын жазган. Буга чейин Болот Осмоновду Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Dota-2 турнирин өткөрүүсү менен чоң сынга алынган. Бул тууралуу министр Жаманкулов опера жана балет театрында мындай өңдүү иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынганын жана иликтөө иштерин жүргүзөрүн билдирген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ