Menu

Дымагы жеткендер өлкөнү көтөрсүн

Бөлүшүү:

Баш катырма суроолор толуп-ташып кетти, чынбы? Абылгазиев кетсе кимди өкмөт башчы коебуз деп жантыгынан жата калгандар арбыды. Тиши өткөнү деле, отуз эки
тишинен айрылгандар дагын тамашага салып ар нерсени бакылдашат десең. Ал эми серепчимин деп оолуккандар болсо өзүнө ылайыктуу кишини ортого чыгара салып болду, болбоду премьер министрге ушул эргул жарайт деп кымыңдайт. Гезиттерде болсо чалажан катары өзүн коомчулукка көрсөткөндөрдү деле көтөрө чалып мактап калышат. Айтор, тизмелегенде деле оңдуу талапкер чыкпаганы ырас.

Мейли, Темир Сариевди, Канат Исаевди, Туйгуналы Абдраимовду байма-бай жадабай көрсөткөндөрдү түшүнсө болот. Алардын да өз кызыкчылыктары бар дечи?
Айрым учурда Оштун губернатору Узарбек Жылкыбаевди да тимеле “күлүктөргө” теңеп жиберчүлөр табылды. Анда неге түштүктөн бирөө-жарым баса айтылбайт. Же ажонун жердиги түштүктөн экендигинен айбыгып жатышабы? Илгеркидей “детдомдон” тарбия көргөн, эч кимиси жок деп көкөлөткөн талапкерди учурда күндүзү чырак менен издесең да таппайсың, туурабы? Мен болмокмун деп ойун ачык айткан Равшан Жээнбековду кое салууга бийликтегилердин көңүлү жок. Анда өкмөт башчылыкка ким ылайыктуу? Тике карап туруп, тайсалдабай сөзүн түз айткан Адахан Мадумаровду премьер министрлик орунга жылдырууга неге болбосун? Антсе эле куп жарашып калмак. Сүрү да, туздуу кеби да, талапты кое билген чечкиндүүлүгү да бар. Министрлерди тердегенче иштетип, мамлекеттин казынасына суук колдорун салдырмак эмес. Анын курагы да, куралы да эл башкарганга бап келет. Каруусун казык, канын азык кылуудан кайра тартпастан, өлкөнү өйдөлөтүүгө бүткүл кудуретин жумшамак. Өзгөлөргө окшоп байлык топтобой, элдин жашоосунун оңолушуна башын оорутмак. Шайлоону таза, кыйшык жолго салбай түздөп өткөрүүгө жан-дили менен киришмек. Арты шакмарлардын дүйнө-мүлкүнө сугун артпай кынына киргизмек. Калк каалоосуна жараган тың кадрларды кызматка дайындап, бүксүгөн системаны тазалоого, эски илдеттен арылтууга, журтчулуктун ишенимине кирүүгө жең түрүнө киришмек.

Кыргыз өлкөсү олку-солку жолдо турган соң эмне үчүн ак үйдүн эң бийик кабатында отургандар саясий эркин айкын тастыктоого барбашы керек? Бийлик оболу мамлекеттин таянычы болгон элдин кызыкчылыгын баарынан жогору коюшу кажет эмеспи? Демек, кызматты камчы салдырбай алып кетүүгө жарагандарга мүмкүнчүлүк берилиши мезгилдин өктөм талабы экенин унутпашы зарыл да? Тил алчаак, күн карама, алысты көрө албаган кадрдан көрө батыл, иштин майын чыгарган, жагалданбаган адамды бийликке алып келишсе майнаптуу болмок. Ошондой сапатка ээ кадр Адахан Мадумаров экенин неге танышыбыз керек? Ал дагы алдыңкы өлкөнүн мекенчил атуулу болууну кааларын талбай айтып келатпайбы? Болгону акыйкаттыкты, абийирди принциптүүлүк менен карманаары жолтоо болуп жатканына баарыбыз күбөбүз да. Ошонусу үчүн аны “ак каргага”бийликтегилер мажбурлап теңеп жатышканы журтчулукка маалым. Антсе да тобокелчиликке салып өкмөт башчылыкты берип, сыноодон өткөрүшсө туура эле болмок. Атаганат, андан көрө Мадумаров буга макул болобу десең…

С. Калыстыков

Булак:  «Ачык сөз»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: