Menu

Акчалуулар диетага качан отурушат?

Бөлүшүү:

Бул суроого баш оорутуп кажети жок. Себеби, азыркы күндө арам жол аркылуу дүйнөнү мол чогултуп алгандар диета кармоону эсине да албастыр? Каалагандай тайраңдаган көпөстөр учурда кайсыл партиянын этегин кармасам деген санаанын толкунунда чабак уруп жүрүшөт.

Кандай болгон күндө да партиянын күчү эңшерилбестен тескерисинче катуулаганы турат. Казы-карта чайнагандар, бел кубатын бекемдегендер жарма достордун катмарын калыңдатууга, чырайлуу бийкечтердин көңүлүн табууга ынтаасын койгон учуру. Алдын-ала аракет кылбаса көздөгөн чектерин багынтуу мүмкүн эместигин алдыртан сезишкен да, баччагарлар!

Колуна тизгин тийген босстор, серый кардиналдар болсо байлыгы тоодой олигархтарга, бийлик дегенде баарына макул болгон ары жокторго турнабайын салып, астыртан ортомчуларды чаптыруу менен алек. Анткени парламентке канчалык өз кишилерин арбын жыйнаса анын үзүрү жемишин төгүп береринде шек жок, туурабы? Бийликтин бутактарына бөтөн адамды жолотпоого, хоп, майли дегендерди өз тарабына тартууга кимдер кызыктар болгону боюнча узун сабак “жомоктор” чубала баштады. Жөн жерден кеп чыкпайт, мунун да чындыгы бар. Ошондуктан байларга эсеп ачылбай, алардын каражаты чачылбай турат чиркин. Кайсыл партиялар мелдешке түшөөрү, кайсынысы тебилип кетээри боюнча кытыгылуу сөздөр эшилүүдө. Айтор, алтын сөлкөбайы молдор эч убакта диета кармабайт. Аларды зордоп да диетага отургуза албайсың. Так что, текирең-таскак салчулар жорголорун суутууга кам көрүшүүдө. Бечаралар болсо эптеп кыштан чыгуунун амалында жанын карч уруп жүргөн мезгили.

Булак:  «Ачык сөз»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 20 = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: