Menu

ИИМ: Ички иштер министрлигинин жалпыга маалымдоо каражаттары жана  коомчулук менен кызматташуусунун негизги принциби – ачык-айкындуулук болуп  эсептелинет

Бөлүшүү:

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү! Акыркы убактарда ЖМКнын беттеринде кылмыш иштерде фигурант катары жүргөн милиция
кызматкерлери боюнча бир катар маалыматтар чыккандыгына байланыштуу, биз  дагы бир жолу Ички иштер министрлигинин жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен кызматташуусунун негизги принциби болуп ачык-айкындуулук эсептелинээрин билдиргибиз келди.

2018-жылдан баштап 2019-жылдын январындагы ЖМКда чыккан милиция кызматкерлери боюнча маалыматтар Кыргыз Республикасынын ИИМдин Басма сөз кызматы тарабынан ыкчам даярдалып жөнөтүлгөндөр болуп эсептелет.  ИИМдин ишмердүүлүгүндө ачык-айкындуулукту камсыздоо –  мамлекеттик институттарга болгон коомчулуктун ишенимин жогорку деңгээлде камсыздоого багытталган.

Кыргыз Республикасынын ИИМи ЖМК менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурат. Бул багытта  Кыргыз Республикасы  үчүн заманбап жашоодо коомдук
аң-сезимге ЖМКнын таасири күчтүү экендигин эске алып, жарандык коомдун милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү өнүктүрүү маанилүү экендигин көрсөтүп турат.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри  Кашкар Джунушалиев ички иштер органдарынын катарындагы кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандарды тазалоого багытталган иштерди тапшырган. Жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароо, кылмыштарды каттоодон жашыруу, пара талап кылуу, оройлук боюнча фактыларга, милициянын формасын жамынып алып, коррупциялык иштерге аралашкан, андан сырткары  баңгикылмыштуулугу жана башка мыйзамсыз иш-аракеттер менен  кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган абийирсиз кызматкерлерди ички иштер органдарынын катарынан тазалоо боюнча иштерди күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Ошондой эле ИИОнун кызматкерлеринин бөлүмдөрүндө кызматтык тартипти бекемдөө талап кылынган.

Ал эми опузалаган, мас абалында жол-транспорттук кырсыкка кабылган, оор кылмыштарды жасаган милиция кызматкерлерине карата министрлик өтө катуу чараларды көрүү позициясын кармайт. Бизде кылган ишине жеке жоопкерчилик алуу-бардыгына бирдей иштейт. Ким  кылмыш жасап же укук бузса Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жаза алат. Биз ар дайым өздүк курамда  мыйзамдуулуктун сакталышын камсыздоонун үстүндө иштейбиз жана терс көрүнүштөр боюнча коомчулуктан жашырууну көздөбөйбүз.

Буга эле катар ИИМдин Ички иликтөө кызматы өздүк курам арасында профилактикалык жана тарбиялоо ирээтиндеги иштерди тынымсыз алып
барышат. Ошол эле учурда абийирсиз кызматкерлерди аныктоо боюнча катуу чараларды көрүшүүдө. Булар биздин дагы эсибизде болуп,  тиешелүү
чараларды көрүүдөбүз.

Укук бузуулар боюнча ар бир факты же милициянын катарындагы татыксыз жүрүм-турумдар өздүк курам арасында баа берилиши керек жана бул жөнүндө коомчулук милдеттүү түрдө ыкчам жана так маалыматтарды алуулары абзел. Ички иштер министрлиги коомчулуктан жашырган бир дагы факты жок. Муну Ички иштер министрлигинин принципиалдуу позициясы деп атасак болот. Милиция кызматкерлерине бүгүнкү күнү коомчулуктун талабы чоң. Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинде кылмыштарды жасап жана ага жоопкерчилик тартпай, байкалбай калам деген учурда   мүмкүн болбой калган. Анткени бул багытта катуу иштер  жүргүзүлүп жатат.

2018-жыл ичинде биз милиция кызматкерлери тарабынан жасалган укук бузууларды аныктаган элек. Бирок бул-кол алдындагы кызматкерлери үчүн
жоопкерчилик тарткан бөлүмдөрдүн жетекчилеринин принципиалдуулугу менен талапчылдыгында.  Тартип-бул субординация менен чининен көз карандысыз ар бирине тиешелүү болгон талап. Тилекке каршы, 2018-жылы милиция кызматкерлерине карата 67 кылмыш иши козголуп, 87 милиция кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартылып камалган. 2018-жылы жалпысынан мыйзамдуулукту жана тартипти бузган 5811 кызматкер аныкталып, жаза алышкан.  Алардын ичинен 155 кызматкер ИИОдон айдалып,  ээлеген кызматынан 263 кызматкер бошотулган.

Чындыгында, бул фактыны моюнга алуу кыйын. Бирок, ачык-айкындуулуктан башка жол жок. Ошол себептүү биз бардыгын оз буганда айтып
айкындуулуктуу баарына жогору коюшубуз абзел. Профессионалдык имиджти түзүү- бул коомчулуктун формачан адамга ишенимине ээ болуусу болуп
эсептелет. Кызматтык тартипти бекемдөө-бул жаза тартуу гана эмес. Кызматкерлер кетирген ар бир бузууларды аныктоонун артында тарбиялоочу,  профилактикалык жана адеп-ахлактык чоң иштер тургандыгын белгилейбиз.Ички иштер министрлиги ички иштер органдарындагы маанилүү
багыттарды-жарандардын жана коомдун коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулук менен күрөшүү, коомдук коопсуздукту камсыздоо, ИИОнун жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын ишин жакшыртуу, ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн кызматтык тартибин бекемдөө, мамлекеттик тутумдагы укук бузууларды алдын алууну жакшыртуу, көчөлөрдө жана коомдук жайларда криминалдык абалды оңдоо, андан сырткары өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттери менен ички иштер органдарынын кадыр баркына  доо кетирген абийирсиз кызматкерлерден тазалоону улантуу экендигин баса белгилейбиз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 17 = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: