Menu

Атамбаев Кыргызстанга 4-февралда кайтып келет

Бөлүшүү:

БАЭде эс алып жаткан Алмазбек Атамбаевдин эмгек өргүүсү кап ортолоп калганы, Кыргызстанга 4-февраль күнү келе турганы маалымдалды. Буга чейин интернет булактарында «качып кетти, келбейт» дегендей жазылып аткан. Анын баары кайсы бир деңгэалдеги жел сөздөр катары сыпатталууда… Эс алуудан келгенден кийин Атамбаев саясатка активдүү аралаша турганы, сотко берген саясатчыларга катуу киришери, анан калса, маалыматтык чабуулдарга каршы турарын да кабарлашты. Коомдук пикирди эске алсак, экс-президент жазга карай эл менен кыйла иштешип атканы, кандайдыр бир деңгээлде акцияларга бара турганы да айтылууда. Бирок, эмне маселе экени азарынча белгисиз. Балким, камакта жаткан командасы үчүн баш көтөрөбү? Же дагы кандай сырлар бар? Эмнеси болсо да, кызык кырдаалдар алдыда окшойт. А баса, бийлик камакка алууга аракет кылса, Атамбаев тирүү колго түшпөй турганын, баарын өзү менен кошо ала кетерин айтканы ыраспы? Бул жагынан да тар чөйрөдө кызык кептер «быкшып» жаткандай. Эмнеси болсо да, Кыргызстанда туруктуулук болушуна тилектешпиз!

Жанат Бакбергенов

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − 88 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: