Menu

Reuters: Венесуэла Бириккен Араб Эмираттарына 15 тонна алтын сатат

Бөлүшүү:

Венесуэла Бириккен Араб Эмираттарына 15 тонна алтын сатат. Бул тууралуу Reuters агенттиги Каракастагы өз булактарына таянып жазды.

Маалыматка караганда, 26-январда Венесуэла үч тонна алтын жүктөлгөн учагын Эр-Риядга жөнөткөн. Жалпысынан өлкө Улуттук банкында сакталып турган 29 тонна алтынды сатууну көздөп жатат.

31-январда «Новая газета» басылмасы Венесуэланын Москвада сакталып турган алтынынын бир бөлүгү Дубайга жеткирилип, ошол жакта сатылганын, андан соң орус учагы акчаны Каракаска жеткирип бергенин билдирген.

ЖМКлардын маалыматына караганда, январга карата Орусияда Венесуэланын 1,2 миллиард долларга бааланган 30 тоннага жакын алтыны сакталып турган. «Новая газета» анын канчасы сатылганын жазган жок. Орусиянын Борбордук банкы алтындар сатылгандыгы тууралуу маалыматты четке кагууда.

Январда Англия банкы аларда сакталып турган Венесуэланын алтын запасынын бир бөлүгүн ал өлкөнүн чиновниктерине берүүдөн баш тарткан. Учурда ал резервдерди АКШ жана Латын америка өлкөлөрүнүн көбү Венесуэланын убактылуу президенти деп тааныган оппозиция лидери Хуан Гуайдо алууга аракет кылып жатат. Тиешелүү өтүнүч менен ал Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэйге кайрылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 + = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: