Menu

Депутат Канатбек Исаевге карата чабуул суу кечпей калды

Бөлүшүү:

«Бир тууган үчүн бир тууганы жооп бербейт» деген аксиома бар. Анын сыңарындай, Урмат Самаевдин айланасьгадагы чыр-чатактарды Канатбек Исаевге да жармаштырып, ар кандай кара пиарларды аралаштыруу туура эмес. Акылга сыйбайт. Экөө болгону фракциялаш жана жердеш. Дос болууга да курактары туура келбейт: жаш айырмачылыктарынын ортосу бери дегенде он жыл.

Эмне үчүн интернет булактарында, социалдык тармактарда Канатбек Исаевге да ушак-айыңдын деңгээлиндеги чабуулдар башталып кетти? «Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт» дегендей, келечеги кең лидерден оппоненттери чочулап атышканы, андан сырткары, «Форумдун» карамагындагы жазмакерлер да «ойгонуп» кетишкени себепчи болгондой. Учурдагы өкмөт башчы Мухамметкалый Абылгазиевдин иши илгерилебей кальш, анын ордуна Темир Сариев, Канатбек Исаев же Туйгунаалы Абдраимовдун келе турганы жогорку элитада талкууга алынганы, албетге, бул талапкерлердин олуттуу фигуралар экенинен кабар берет. Саясатта алдыга озгон адамдарга дайыма «буттан чалуу» аракеттер боло келгенин деле жашырбайлы. «Эмне үчүн үчөө тең чүйлүк?..» деген суроо жаралышы мүмкүн. Жообу жөнөкөй, Алмазбек Атамбаев жазда кандайдыр бир деңгээлде нааразычылык акцияларга барса, ага каршы электораты бар, теңсалмактуу фигуралар
керек. Дал ушул жагынан да, тажрыйбаларын да эске алуу менен үч саясатчынын орду өзгөчө го?..

Саясаттын чоң майданында жазга карай божомолдордун негизи ушундайча өнүгүүдө. Анан «Кыргызстан» фракциясынан депутат Урмат Самаевдин балдары Токмоктун чек арасынан атыша кетишкени, контрабандага шекгелишкени, жыйынтыгында, өлкөгө жагымсыз маанай тартуулады. Мындай шартта «ыңгайды колдон чыгарбаганга» көнгөндөр дароо эле Канатбек Исаевди да түшүнүксүз мааниде жамандашып, чатакка түртүп, кара боёк чаптаганга аракет кылышканы күлкү келтирди. Мындай оюндар өтпөй калганын эскертүү үчүн калем шилтеп койдук.

Акын Бекчороев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: