Menu

“Өкмөт кетпесе, өлкөнүн түбүнө жетет!”

Бөлүшүү:

Жакындан бери коомчулукта «өкмөт жазга жетпей отставкага кетет» деген кеп-сөз желдей тарап жатат. Айрым саясатчылар менен серепчилер келгенине бир жыл боло злек өкмөт курамын иштей албай, экономиканы алсыратып, калган тармактардагы көйгөйлөрдү чече албай кыйналып жатканын негиз кылып, «кетсин» деп эле келатышат. Өкмөт иштеп чыгып, парламент кабыл алган «түкүрүк» мыйзамы министрлер кабинетине нааразылыктарды ого бетер күчөттү. Мындан улам, жакында Абылгазиев баштаган өкмөт урай турганы анык болуп калды. Атургай жаңы премьердин креслосун ким ээлей турганы да чечилип, ал адамды соцтармактар аркылуу куттуктоого үлгүргөндөр болду.

«Өкмөт кандай иштеп жатат, «отставкага кетсин» дегенге негиздер барбы?» деген суроону айрымдарга узатып, жооп алдык.

Амангелди Мураталиев, экс-премьер-министр:

– Абылгазиев баштаган өкмөт өзүн көрсөтпөй жатат. Бир топ маселелер турат алдында. Бирок, алардын ьпын таба албай кыйналып, элди да кыйнап иштеп жатышат. Өкмөт командасынын негизги иши – тармактардагы проблемаларды териштирүү, экономиканы көтөрүү, калк жашоосун жакшыртуу, жарандарына жеңилдиктерди, шартгарды түзүп берүү. Тилекке каршы, алиге дейре анын бири аткарылган жок. Көйгөйлөрдү таппай жатышат. Эки-үч айдан кийин бул өкмөт келгенине бир жыл толот. Ошого чейин эле кетип калат окшойт. Анан эми «кетсин» деп убакыт бербей, алмаштыра койгон бизде адатка айланып калды. Менимче, кетирип салгандан көрө, талап коюп, стратегияларды ишке ашыртыш керек, «туура иштегиле, жол тапкыла, экономиканы көтөргүлө» деген мамиле болуш керек. Анда да иштей албаса, анда кетириш керек.

Аманбол Бабакулов, жарандык активист:

– Өкмөт чынында кашаң иштеп жатат. Отставкага кетиш керек. Кетпей турган болсо, ушу өкмөт өлкөнүн түбүнө жетет. Анткени, көрүп атасыңар, карызга белчебизден баттык, кымбатчылык, көйгөйлөр толтура. Өкмөт болсо өздөрүнүн иштеп чыккан мыйзамдарына өздөрүнүн мээси жетпей отурат. Укук коргоо жаатында жаңы жылдан бери эле канча кылмыштар болуп кетти. ИИМди жоопко тарта албай жатат. Айыл чарбада дыйкандар картошкасын сата албай, чыгымын жаба албай, өкмөттү каргап, зар какшап отурат. Саламаттык тармагында кызматкерлер митингге чыгып жатышат. Ушулардын баары келип, өкмөттүн иш билбегендигине такалууда. Абылгазиевдин келгенине 10 ай болду. Көзгө толор эмне иш кылды? «Түкүрүк өкмөттөн» башка элдин эсинде эч бир иши калган жок. «Кетсин» дейм. Ушундай өкмөткө кантип ишенебиз?

Качкын Булатов, укук коргоочу:

– Кош бийлик болгон жерде өкмөт иштей албайт. Азыр бизде ошондой учур болуп жатат. Парламент да начар болуп калганы, элге жакпай атканы жашыруун эмес. Өкмөт башчыда ыйгарым укуктар аз болуп калды. Орусча айтканда, «руководящая система» бузулду.

Мындай шартта өкмөткө башкасы келсе деле иштей албайт да. Мындайча айтканда, ар кай жактан өкмөттүн ишине тоскоолдук кылып жатышат. Кадрлардын баарын өзү дайындаганга жолу жабылган. Премьер эч нерсе билбейт. А министрлер ага баш ийип, «сени урганым жок» дегендей тоготпой, анан ошентип иш жүрбөй жатат. «Өкмөт иштебей жатат» дегенге ушундай эле негизди көрүп турам мен.

Суроо салган Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: