Menu

Матраимов сүттөн ак, кристалдан тазабы?

Бөлүшүү:

Райымбек Матраимов! Эл оозунда “Раим миллион” деген каймана атка конгон бул фигурантты азыркы бийлик аябагандай эле коргоп жаткандай таасир ал тууралуу кабардар болгон Ала-Тоонун ар бир кокту колотундагы коомчулуктун дээрлик бөлүгүнө сезилип да, байкалууда дагы. Эмне себептен экени айтпаса деле жалпыга түшүнүктүүдүр. Аны 2017-жылы, 23-ноябрда ал кездеги премьер-министр Сапар Исаков «Матраимовдун иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет» деген жүйөө менен өз буйругунун негизинде кызматтан алган. Анан жаңы президент ишине расмий киришип арадан алты ай өтүп-өтпөй Сапар Исаков парламенттин колу менен кызматтан оодарылды. Премьер-министр С. Исаковдун отставкасынан кийин Р. Матраимов “мени Сапар Исаков иштен негизсиз кетирди” деген маанайдагы доо арызы менен Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна кайрылат. Биринчи инстанция болсо “ооба, ошондой болуптур” деген таризде анын доо арызын колдогон өкүмүн чыгарат. Демек, мындай шартта Өкмөт өз позициясын коргоого киришиш керек эле. Канткен менен сотто Матраимов Сапар Исаковду эмес Өкмөттү утуп алып атпайбы. Анан алар (коомчулуктан уялганынанбы?) райондук соттун чечимине “каршы” Бишкек шаардык сотуна кайрылат. Бирок, Бишкек шаардык соту да жаңы жылдын алдында, (“Раим миллионго” жакшы “подарка” кылып?) 2018-жылдын 28-декабрында Райымбек Матраимовду кызматында калтыруу боюнча райондук сотун чечимин күчүндө калтырат. Ошондон көп өтпөй бажы кызматы тараптан эртелеп эле “обондор” чыгып, алсак, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков мырза өзү баш болуп Р. Матраимовдун бажыдагы иштерин жогору баалап, экинчи инстанциянын чечимин ал киши да колдоп, соттун чечимин аткарууга милдеттүү экенин билдирип, Р. Матраимовдун кызматка кайра кайтып келүүсүнө толук укугу бар дегендей пикирин айтып чыкты. А бир чети юриспруденцияда деле ошондой, кайсы гана юристтен сураба, алар деле айтып атышат “Райымбек Матраимов кайра ишине барганга толук укуктуу” дешип. Башка жагдай, таңгалыштуу, бир чети баары баарыбызга эле түшүнүктүү жагдай дейличи, экинчи инстанциянын чечиминен кийин бир айдан ашык
убакыт өтсө да өздөрүнүн “абтарыйкатын” коргоо үчүн Кыргыз мамлекетинин Өкмөтү акыркы инстанцияга-Жогорку Сотко апеллециялык арызын бере элек. А балким такыр эле бербестир дагы? Бул боюнча Өкмөттүн Соттук өкүлчүлүк борборунун директору Разак Ашымбаев учурда аталган маселени талдап жатышканын, ал үчүн дагы үч ай убактылары бар экенин билдирди.

… Ушундан улам М. Конгантиев менен Р.Матраимовдун иштерине ой салып көрсөк, жана да Конгантиевдин адвокатынынын «биз соттон сөзсүз утуп чыгабыз» деген маанайдагы ишенимдүү түрдө айткан ачык пикири эгер чындап ошондой эле боло турган болсо, анда аталган бул эки «аспекти» жөн гана коомчулуктун чыңалуусун басаңдатып, (убактылуу артка чегинишип) убакыттын утурлашы менен алар ойлогон максат ишке ашат дегендик. Ошондо эмне, Конгантиев туурасында Башкы прократурага «жакшылап
изилдегиле, аныктагыла» дегени, анан келип бийликтин «сот чечсин» демейлери жөн гана убакыттын утурлашы менен элди жоошутуп, унуткартып, өйдөкүлөр өз билгендерин алар каалагандай жасай берсе болот дегендикпи?

… Анан калса алдыда парламенттик шайлоо убакыт улам сугулган сайын жакындап келатат. Андай шартта Конгантиевдин Кыргызстандын түштүк тараптагы таасири менен Матраимовдун «жашылбайлары» кимдир бирөөлөргө аябай эле керек. Мындай көрүнүштөрдөн кандай жыйынтык чыгарсак болот? Балким бул бийлигинин күчү менен каалаганын кылып, элге түркүн-түстүү убадаларды берип, бирок ириде алдыга өздөрүнүн гана мүдөөсүн биринчи койгон Орто кылымдагы айрым митаам хан-бийлердин өтө амалкөйлүк менен ойлонулуп Эл көзүнчө коррупция менен күрөшүп жаткандай түр жараткан, жана да ыйманды, адилетүүлүктү, калыстыкты эң алдыга койгон, апакай периштедей көрүнгүсү келген формуланын өзөгү болуп жүрбөсүн???

Кенжебек Арыкбаев

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: