Кечээ,2019-жылдын 29-январь күнү Лейлек районунун Жаңыжер айыл аймагынын башчысы С. Эгембердиевге жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан ишенбөөчүлүк көрсөтүлдү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамга ылайык айыл өкмөт башчынын ишин канааттандырарлык эмес деп табуу менен ага ишенбөөчүлүк көрсөтүү жергиликтүү депутаттардын ыйгарым укуктары болуп эсептелет. Бул Мыйзамга ылайык 2018-жылдын жыйынтыгы менен Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын коллегия мүчөлөрүнүн чечимине ылайык Жаңыжер айыл аймагынын башчысы С. Эгембердиевдин ишинде кетирилген кемчиликтер жана акыркы эки жылдан бери жергиликтүү бюджетти максатсыз кармап, толук иштетпей жана башка жергиликтүү маанидеги орчундуу маселелерди чечпей келе жаткандыгына байланыштуу жергиликтүү кенештин кароосуна сунуштама жиберилген. Ушул сунуштаманын негизинде депутаттар аталган өкмөт башчыга ишенбөөчүлүк көрсөткөн. Сессияга жалпы 15 депутат катышып, анын 12 депутаты С. Эгембердиевге ишенбөөчүлүк көрсөткөн. Мыйзам боюнча район акими 3 күндүн ичинде чечим кабыл алышы керек.
Жергиликтүү тургундар С. Эгембердиевдин айтылуу Икрам Илмияновдун өтө жакын кишиси болуп келгендигин, өзүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, текебер мүнөз күткөн коррупционер экендигин айтып келишет.
Булак: «Жаңы Ордо»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ