Menu

Дастан Сарыгулов, коомдук ишмер: «Акаев “Кумтөрдөн” пара алган деп жазып берсеңиз, эркиндикке чыгасыз. Бул президенттин түз буйругу» – деп айтышкан»

Бөлүшүү:

— Дастан Исламович, 28-январь күнү өткөн жыйында “Кумтөрдү” улутташтыруу же баардык келишимдерди денонсация кылуу жөнүндө мыйзам долбоору сунушталган кеңешмеге катыштыңыз. Сиз кыска сүйлөп, эки сунушка тең каршы пикириңизди айтып, бөлөк жол менен маселе чечүү мүмкүнчүлүгү бар дедиңиз. Ал кандай жол? Ишке ашабы?

— Улуттуштыруу өтө опурталдуу. Менчик ишкананы мамлекеттин ээлигине алуу Кыргызстан жөнүндө терс пикир жаратып, узакка созулган чырга учуратат. Денонсация деле эл аралык сотко алып барат. Үчүнчү жол Кыргызстандын жеңишин камсыздайт жана бери дегенде эки миллиард доллар өндүрүп алганга шарт түзөт. Мен бул жолду кат жүзүндө жыйындын уюштуруучуларына жазып бердим.

— Жазып бергениңизди мен дагы окудум. 27 барак тиркемеси бар экен. Далайы түшүнүксүз… Бир сөз менен айтып берсеңиз болобу?

— Эгин эгип, бир айдан кийин түшүмүн алуу мүмкүн эмес. Түшүмгө түйшүктүү эмгек жеткизет. Бир сөз менен айтып берүү мүмкүн эмес. Бул узак сөздү талап кылат. Атайын чоң маек куруу керек.

— “Кумтөр” маселеси элди кызыктырат. Кийинки сандарыбызда бул маселени кенен чагылдырганга окурмандарыбызга убада берелик. “Кумтөрдөгү” коррупцияга байланыштуу 2016-жылы сиз да камалгансыз. Ал иш эмне менен бүттү?

— “Кумтөрдөгү” коррупцияга байланышы бар деп мени жаманатты кылып, мыйзамсыз, негизсиз, далилсиз камашты. Элге Хоменюк берген көрсөтмөнүн негизинде деп жалган маалымат таратышты. Бир айдан кийин Хоменюк “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, “Сарыгуловдун камалганына негиз болчу бир дагы маалымат берген эмесмин. Бул камакка алуу “Кумтөргө” тийешеси жок, Кыргызстандын тчки саясатына
байланыштуу” деп айтты. Чын эле ошондой болуп чыкты. Камакка алгандан кийин мага “Кумтөргө” байланыштуу айып коюшкан жок. Анткени, ага негиз жок эле.

— Андай болсо, сизди эмне үчүн эркиндикке чыгарбады?

— Мага эч бир негизи, далили, фактысы жок мамлекетке чыккынчылык кылды (государственная измена) деген айып коюп, жөн эле (формально) 4–5 суроо берип, протокол жазып коюшту. Эртеси күнү үйүмдө бир нече саатка созулган тинтүү жүргүзүштү. Издегени алтын, акча, Асанов, Кадыровго байланыштуу далилдер болду окшойт. Бирок, андай далилдер жок болуп чыкты. Мага каршы бир дагы илинчээк издеп табышкан жок.

— Сиз 2006-жылы Мамкатчы кызматын өз каалооңуз менен өткөрүп бергениңизди билебиз. Анан кантип 10 жыл өткөндөн кийин сизге мамлекетке чыккынчылык кылдың деп айып коюшту? Анын үстүнө эл сизди мекенчил, улутка күйгөн, таза адам деп билет. Ырас, кийин катуу ооруп элге көп чыкпай калды деп угуп жүрдүк…

— Ошону билген үчүн УКМК мага чыккынчылык кылдың деген айып коюлганын элден жашырып айтпай, “Кумтөрдөгү” коррупцияга тийешеси бар деп элге жалган маалымат таратып жатты. Албетте, эл ага ишенип, саясый каршылаштарым “Ырас болду, эми түрмөдөн чыкпайт” деп кубанып, айрымдары белгилеп да жиберишти.

— Чыккынчылык кылдың деген айып боюнча тергөө иштери сотко кеттиби?

— СИЗОдо мени кармаган убакытта бир дагы тергөө иштери болгон жок. Абакта жатып адвокат аркылуу УКМКны сотко бердим. Мени камагандан кийин тергөө жүргүзүп, күнөөмдү далилдебейсиңерби деп. Сот ар кайсы шылтоо таап, доо арызымды карабай 2 ай созуп туруп алды. Аягында Башкы прокуратура чыккынчылык кылдың деп мага козгогон кылмыш ишти кыскартууга аргасыз болду.

— Анда эмне үчүн сизди эркиндикке чыгарышкан жок?

— Үйүмдө тинтүү жүргүзүп, эч бир илинчээк таба адбагандан кийин мага “Сизге козголгон кылмыш иштердин баарында күнөөңүз жок экенин жакшы билебиз. Акаев “Кумтөрдөн” баланча миллион доллар пара алган деп жазып берсеңиз кылмыш иштердин баарын кыскартабыз, сиз дароо эркиндикке чыгасыз. Бул президенттин түз буйругу, жеке өзүнүн көзөмөлүндө. Мындан кийин саясаттан алыс болсоңуз сизге тийишпейбиз” деп ачык айтышты.

— Сиз анан жазып бердиңизби?

— Жазып берсем аны кантип далилдейм десем, “Бизге далилдин кереги жок. Жазып берсеңиз эле жетишет” дешти.

— Жазып берип, эркиндикке чыгып алууну ойлонбодуңузбу?

— Мен жетимиш жашка келип, жалганчы, баканооз, ушакчы болгон эмесмин. Жазбай койдум. Ортого кишилер түшүп, “Жазып берип чыгып кетпейсизби, кийин кыйнаганда жазып бердим деп акталып аласыз да” дегендер болду.

— Сизге ошондой шарт койгондо күбөлөр жок болгондур. Буларды бекеринен атайын кызмат деп айтышпайт да?

— Туура айтасыз. Бирок, күбө бар болчу. Ал менин адвокатым. УКМКдан коркуп, кийин ар кандай шылтоо айтып (тишим ооруду, айылда жүрүп калдым ж.б.) адвокаттык милдетин аткарбай койду. Башка адвокат алууга аргасыз болдум. Бирок, азыр абал бир аз бөлөк. Кудайдан корксо, мүмкүн бүгүн айтканымды далилдеп берээр. Ким билет? Кудай алыс, иши көп, УКМК болсо жакын, укуругу узун, бийлиги чексиз экенин ал жакшы билет…

— Акаев “Кумтөрдөн” пара алды деген көрсөтмө буларга эмнеге керек болуп калды?

— Мен дагы алгач түшүнгөн жокмун. Ар бир 20 күндө “Мүмкүн эстегендирсиз? Жазып бербейсизби?” деп сурашат. Кийин түшүндүм. Акаев “Азаттыкка” маек берип, жазуучулардын 50 миллион рубль акчасын Атамбаев жеп койгон. Ал убакта бул чоң акча эле” деп айтканына жооп берүү максат менен далилдүү каяша таба албай кыйналышат. Анан Фарид Ниязов “Сарыгуловго бир нече иш козгоп, камап, кыйнасак аргасыздан Акаев “Кумтөрдөн” баланча миллион пара алган” деп жазып берет” дейт. Акаевге өзүң миллиондоп пара алгансың, мына Сарыгулов көрсөтмө жазып берди деп шерменде кылып, оозун жабабыз дешип, атайын кутум иштин планын ойлоп чыгышат. Бул план боюнча Баш прокурор Жолдубаева Хоменюкка кат жиберет “Сарыгулов Кыргызалтынды жетектеп турганда кандай иштештиңер эле?” деп. Хоменюк жалпы маалымат берет. Анын жообу 6-июнь күнү келет, 12-июнда Хоменюк көрсөтмө берди деп элге жалган маалымат таратып, мени камашат.13-июнь күнү Атамбаев Жолдубаеваны кабыл алат, “Хоменюктан көрсөтмө келиптир, катуу текшерип, жоопко тарткыла!” деген буйрук берет. Бул жолугууну КТР жалпы элге бир нече жолу кайталап көрсөтөт, ошону менен эл “Сарыгулов паракор, акмак турбайбы…” деп ишенип калат.

— Катуу ооруп жүргөнүңүздү, 70 жылдык мааракеңизге 7 күн калганын билип туруп, ушундай ишке барганы акылга сыйбайт го? Алланы оозунан түшүрбөй, намаз окуган адам кантип мындай ыплас ишке барды? Сизди камагандан кийин Тышкы иштер министрлигинде иштеп, аттестацияда эң жогорку балл алган кызыңызды кыйнап туруп арыз жаздырып, иштен айдашканы чынбы?

— Чын. Атаң камалды. Бизде иштегенге сага болбойт деп айлыгын, отпускной акчасын бербей, мыйзамдарды тебелеп, кызматтан кетиришти. Алланы оозунан түшүрбөгөн кишинин эң жакын, ишенген адамдары канча жүз миллион доллар акча уурдап жегени бүгүн ачыкка чыгып, эл билип калды го… Элдин билбегени андан да көп болушу мүмкүн. Анткени, жакын жанжөөкөрлөрүнүн баары уурдап, өзү сүттөй ак, таза болгонуна ким ишенет?

— Мамлекетке чыккынчылык кылбаганыңыз, “Кумтөрдөгү” коррупцияга тийешеңиз жок болгону далилденди. Бийликти күч менен басып алууга эч бир катыштыгыңыз жок деген соттун чечими чыкты. Мыйзамсыз, күнөөсүз иштен айдалган кызыңыз калыстык орноп, кайра ишке алындыбы?

— Алынган жок, 3 жылдан бери жумушсуз. Кыргызстандын сырткы карызын эки жарым миллиард долларга көбөйтүп, азыр белгилүү болгондой, карыз алган акчанын далайын жакын кишилери уурдап, интернетте “алкаш” деген каймана ат менен аталган экс-президент 7 жыл ичинде өз кишилерин далай кызматтарга коюп алган үчүн жаңы президенттин иши эл күткөндөй болбой жатпайбы…

— Бул окуялардан 3 ай мурун сизге биринчи кылмыш иши козголуп, бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып коюлганын жалпы элибиз жакшы билет. Бир жылдан кийин “Азаттыктан” соттун чечиминде “Бийликти күч менен басып алууга Сарыгуловдун катыштыгы жок экен. Бирок, кылмышты билип, жашырып койгону үчүн 4 жылга шарттуу кесилсин” деп, сиз соттолгон киши болуп калганыңызды эл укпадыбы. Бул кылмыш ишти билип, чын эле аны жашырып койдуңуз беле?

— Мыйзам минтип чечмелейт. Кылмышты жашырып койгондун 3 белгиси бар. Алар: кылмышкерди жашыруу, кылмыштын изин жашыруу жана кылмыштын куралын жашыруу. Бирок, 3 белги тең материалдуу болушу керек. Бир сөз менен айтканда айыпка негиз болчу далилдер колго кармалчу далилдер болуу шарт. Тергөө материалдарында мындай белгилердин бири да жок.

— 2016-жылы март айында бир жума тынбай КТР элге Асанов, Кадыров менен сиздин сүйлөшкөнүңүздү берип жатпадыбы. Ошондо, сизди карыганда жөн жүрбөйбү деп, жаман көргөндөр четинен чыкчу да?

— Соттук териштирүүдө бул видеотасма жалган, жасалма экени далилденди. Мен Асанов, Кадыров менен акыркы жолу кокустан соода борборунда 2013-жылы жолугуп, андан кийин бир дагы жолу алар менен жолукмак түгүл, телефон, интернет аркылуу да байланышпаганым сотто аныкталды. Асанов, Кадыровдон курал-жарак, акча, план, басып алууга катыша турган адамдардын тизмеси да табылбай, алар деги эле жок болгону соттук териштирүүдө далилденди. Текебаев камакка алынганда партиялаштары, жердеш,
туугандары үч жүздөн ашык адам жолду жаба албай коюшту. Ал эми курал, акча, кишилери жок эки адам бийликти басып алууга аракет кылган дегенге акылы соо адам кантип ишенет? Ошол күндөрү президент тергөө баштала электе эле жалпы элге “Булар кылмышкерлер, орду түрмөдө” деп айтып салды. Анан тергөө, сот кантип калыс жүрсүн!? Эң кызыгы, Асанов менен Кадыровго айып коюлганда Карыбеков, Сарыгулов деген ысымдар таптакыр жок. Карыбековго айып койгондо Сарыгулов деген ысым бир дагы жерде айтылбайт. Анан жалган, жасалма видеотасма элге көрсөтүлгөндөн кийин мени аларга кошуп, бириктирип, мага иш козгоп, айып тагышпадыбы.

— Сиз адилетсиз, чыныгы зордук, зомбулукка учурагандан кийин Башкы прокурорго, тергөөчүлөргө арыз (ходатайство) менен эмне үчүн кайрылган жоксуз?

— Башкы прокурорго 6 арыз (35 барак), тергөө башкармалыгына 5 арыз (48 барак) бердим, акыйкатчыга 2 жолу кайрылдым. Бири дагы каралган жок. Тергөөдө, соттук териштирүүдө Кылмыш процессуалдык кодекстин 11-беренеси одоно орой бузулду. Анын баарын далилдеген 125 барактан турган материалдар колумда, адвокатта бар. Бирок, бийлик аны уккусу да, көргүсү да келбей койбодубу…

— Сизди күнөөлүү деген 339-берене 2016-жылы алынган мунапыска кирген жок беле?

— Талашсыз, күмөнсүз кирген. Кылмыш-процессуалдык кодекстин 315-беренеси сотторду өкүм чыгарганда милдеттендирет: Мунапыс жөнүндө мыйзамга сот чечими учураса, мунапысты колдонууга, жаза мөөнөтүн абакта жаткан күндөрүнө азайтууга, алтымыштан жашы өткөн эркектерге жаза мөөнөтүнүн төрттөн үчүн гана коюуга. Бул берененин бир дагы талабы аткарылган жок. Сот, прокурорлор өзүн мыйзамдардан өйдө
коюп, каалагандай мыйзамдарды калчай бергенине күбө болдум. Мурда баңгизат, адам, курал, алтын аткезчилиги эң кирешелүү болсо, кийинки 5 жылда сот-прокурор-милиция болду деп жазып жаткандарга мен ишенип калдым.

— Жетимиштен ашкан, 11 кеселге учураган пенсионерге ушундай зордук, зомбулук кылынса, анда адилет, акыйкат, мыйзамдуулук жөнүндө сөз козгобой эле койсок болобу?

– 2015-жылга карата бийлик бир адамдын колуна толук өттү. Ал мыйзамдарды тим кой, Башмыйзамды каалагандай тебелеп, бузуп, өзүн Кудайдан бийик коюп, элибизди басынтып, кемсинтип, мазактап, басмырлап, кемчиликтерин айткандардын бирин калтырбай түрмөгө кести. 25 саясый туткундар баары биригип 145 жылга эркинен ажыратылды.

— Чөнтөк соттор, чөнтөк парламент, чөнтөк прокурорлор деп эл бекеринен айтпылбайт да?

— Эл азыр батек соттор, батек парламент деп айта баштаптыр. 5 кодексти окубай туруп бир күндө 3 окуудан өткөрүп, кабыл алгандан кийин элдин тагдыры парламент үчүн бир короо койдон да төмөн болуп калгансыйт…

— Бир топ эксперттер Атамбаев мамлекеттик уюшулган кылмыштуу топ түзгөн деп жаза баштады. Анын мүчөлөрүн да атап жиберишти. Бул аша чаап каралоо эмеспи?

— Бул чындык. Топтун курамында Фарид Ниязов, Сегизбаев, Жолдубаева, соттор, прокурорлор, “Аки пресстин” ээси Тазабеков, КТРнын жетекчиси Карыпбеков ж.б болгон. Бири репрессиянын планын иштеп чыкса, экинчиси камакка мыйзамсыз санкция берип, үчүнчүсү жасалма кылмыш иштерди токуп, калгандары түрмөгө кесип, өзүнчө эле машине иштеп калган… Эң зор ишти “Аки пресс” менен КТР жасашкан. Жалган маалыматтарды тынбай кайталап таратып, күнөөсү жок кишилерди эл душманы, паракор, шпион кылып элге көрсөтүп, жалаа жаап далайды “жибек жип менен мууздап” берип турган.

— Башыңызга түшкөн мүшкүлдү жеңебиз кантип көтөрдү?

— Көтөрбөгөнгө айла жок экен да. Чыдады. Кан басымы көтөрүлгөн ооруга чалдыгып калды.

Маектешкен Темирлан Токтоболотов

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 24 = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: