Menu

Туризм тармагындагы мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу үчүн «Кыргыз туризм» Мамлекеттик ишканасы түзүлүүдө

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу «Кыргыз туризм» Мамлекеттик ишканасы түзүлүүдө.  Бул тууралу КР Өкмөтүнүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирет.

Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

«Кыргыз туризм» Мамлекеттик ишканасы туризм тармагындагы мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу жана мамлекеттик менчикте турган санаториялык-курорттук уюмдарды рационалдуу пайдалануу максатында түзүлүүдө.

«Кыргыз туризм» Мамлекеттик ишканасынын милдети болуп төмөнкүлөр саналат:

– туризм тармагындагы мамлекеттик жана аймактык деңгээлдеги саясаттын аткарылышын камсыздаган механизмди түзүү;

– туристтик, экскурсиялык, мейманкана жана туризмге тийиштүү тейлөөлөр рыногун өнүктүрүү, туристтик бизнести өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу;

– мамлекеттик менчикте турган туристтик объектилердин, сервис-борборлордун инфраструктурасын модернизациялоо.

«Кыргыз туризм» Мамлекеттик ишканасы өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана бекитилген Уставга ылайык жүргүзөт.

«Кыргыз туризм» Мамлекеттик ишканасынын директору Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан эки жылдык мөөнөткө кызматка дайындалат жана андан бошотулат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: