Menu

Некролог – Корчубек Акназаров

Бөлүшүү:

Кыргызстан эли орду толгус оор жоготууга учурады. Элибиздин татыктуу уулу, көрүнүктүү советтик-партиялык, коомдук ишмер, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаров 97 жашка караган курагындадүйнөдөн кайтты.

Корчубек Акназаров 1922-жылы 1-августта Талас областына караштуу Бакай-Ата районунун Кызыл Октябрь айылында туулган. Эмгек жолун 1941-жылы айылдык жети жылдык мектепте мугалим болуп иштөө менен баштаган.

К. Акназаров 1943-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1-Беларусь фронтунда баскынчыларга каршы согушкан. Варшавага чейин жетип, Висла дарыясын кечип өтүү учурунда жарадар болгон. Ал I даражадагы «Ата-Мекендик согуш» ордени жана бир нече медалдар менен сыйланган. 1946-жылы ал майдандан туулган жерине кайтып келип, алыскы Чаткал районундагы жети жылдык мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болгон.

К. Акназаров 1947-жылдан тартып, партиялык кызматтарда иштеп, бүт өмүрүн өз эли, өлкө үчүн талыкпай эмгектенүүгө арнады. Ал адегенде Кыргызстан Компартиясынын Чаткал райондук комитетинин парткабинетинин башчысы, пропаганда жана агитация бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. 1952-1956-жылдары Компартиянын Чаткал райондук комитетинин экинчи жана биринчи катчысы болуп шайланат. Андан соң бир жыл бириккен Ала-Бука райондук аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеген. 1957-1961- жылдары К. Акназаров Кыргызстан Компартиясынын Октябрь жана Базар-Коргон райондук комитеттеринин 2-катчысы болгон.

Ал эми 1961-жылдан тартып, 1990-жылга чейин К.Акназаров Нарын областынын Ак-Талаа, Жумгал жана Кочкор райондорунун партиялык комитеттеринин 1-катчысы болуп үзүрдүү эмгектенди. 1965-жылы Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин Алматы Жогорку мектебин да бүтүргөн. Партиянын XXV, XXVI-сьезддеринин делегаты болгон. Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетине бир нече жолу мүчө болуп шайланган.

Ошол 30 жылга чукул мезгил ичинде анын чыныгы жаратмандыгы, эл менен иштей билген, адамдарды ынтымакка, кайратман эмгекке баштай билген уюштургуч  сапаттары өзгөчө таасын көрүнгөн.

Анын жетекчилиги мененбул тоолуу райондордун мал чарбачылыгында жана талаачылыкта зор ийгиликтер жаралган. Аймактардын экономикасында, социалдык жана маданий турмушунда кескин өзгөрүүлөр, өсүштөр болгон.

Көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн К. Акназаров 1966-жылы Социалисттик Эмгектин Баатыры жогорку наамына татыктуу болгон. Ал эки Ленин, Октябрь революциясы, эки Эмгек Кызыл Туу жана «Ардак белгиси» ордендери менен сыйланган. Кыргыз ССР Жогорку Советине бир нече жолу депутат болуп шайланган. Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө жетишкенде да парламентке депутат болгон.

Корчубек Акназаровдун ысымы мамлекетибиздин калыптанышына, социалдык-экономикалык жактан өсүп-өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон улуу инсандардын катарында Кыргызстандын тарыхына жазылып калат. Анын өрнөктүү өмүрү, жасаган иштери, адамдык бийик парасаты, талыкпаган эмгекчилдиги жана жупунулугу баарыбызга үлгү, сабак болот.

Иш билги жетекчи жана уюштуруучу, эл кызыкчылыгын баарынан жогору койгон мыкты инсан Корчубек Акназаровдун жаркын элеси элибиздин эсинде түбөлүккө сакталат.

Жээнбеков С. Ш.,  Жумабеков Д. А., Абылгазиев М.Д., Калиева Г.У., Дүйшенбиев Р.С.   Бакиров М.И., Касымалиева А.К., Боронов К.А., Разаков Ж.П.,  Өмүрбекова А.С., Аскаров З.М., Омуркулов И.Ш., Турускулов Ж.К., Батырбеков А.Б., Төрөбаев Б.Э., Сулайманов А.Т., Шыкмаматов А.Н., Акматов Т.А., Садыков Т.С.,  Арыков К.А., Кабаев А.К., Акрамов Э.Х., Жакиев Б.Ж., Мамакеев М.М.,  Мамытов М. М., Алымкулов А.Т., Эсеналиев Д. А., Акматов А.Ж., Молдобекова Г.С., Садык Шер,  Бокоев К.С., Казакбаев Р.А., Рысалиев З.К., Момбеков Р.Ч., Жоробеков Т.У., Асымбеков Ш. У., Ибраев С. К., Айдарбеков Ч.А., Жунушалиев К.А., Жаманкулов М.Т., Жеенбаева Б.Ж., Панкратов О.М., Мурашев Н.М., Бейшенов Ж.С., Мирзахмедов Н.С., Кудайбердиева Г.К., Чолпонбаев К.С., Жаманкулов А.К., Кочкоров У.Т., Кадыркулов И.А., Тердикбаев Э.Д., Осмонбетов Э.К., Шаршембиев Б.Н., Жамшитов Ө.А., Шатманов Ш. Ш., Нургазиев М.Н., Аширалиев К.Ж., Базаркулов М.Б., Түмөнбаева Ж. Акималиев Ж.А., Тойгонбаев Э. Т., Ибраев М.И., Ибраимов О.И., Бекбоев Т.Б., Сагынбаев Д. К., Саргазаков К.С., Субанов М.У.,  Мураталиев М.М.

Маалымат үчүн: Маркумду узатуу аземи Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында  2019-жылдын 3-февралында  саат 11-00дө өткөрүлөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: