Menu

Элвира Сурабалдиева, ЖК депутаты: “Атам өлгөндүн эртеси Темир Сариев спортсмендерин жөнөтүп, кызматкерлерибизди сабатып, биздин компанияны тартып алууга аракеттенген”

Бөлүшүү:

КР Жогорку Кеңешинин депутаты Элвира Сурабалдиеванын журналист Бермет Букашеванын “Секреты власти” программасына берген маегинен үзүндү жарыялайбыз:

-Айтыңызычы, 2005-жылдын 24-мартындагы революциядан кийин сиздердин базарыңарды рейдерлик жол менен тартуу алуу аракеттери кандайча болгон, силердин чоң ишканаңар, эки базарыңар бар эмес беле?

-Атамды 2005-жылдын 10-июнь күнү өлтүрүп кетишкен, жума күн болчу, мен иним менен чет өлкөдө болчумун, биз атамды жерге берген күнү эрте менен саат 6да учуп келгенбиз. Биз учуп келерибиз менен саат 10до анын сөөгүн чыгарышып, жерге беришти. Ошол эле күнү биздин базардын кызматкерлери келишип, (мени биздин үй бүлөдөгү улуу кыз катары билишчү) биздин “Кудайберген” автобазарыбызга жана башка базарларыбыз менен ишканаларыбызга текшерүүчүлөр келгенин, атам өлгөндөн кийин эки сааттан кийин эле  укук коргоо органдарынан жана салык кызматтарынан 40 текшерүүчү келишип, текшерип жатышканын айтышты. Мен “жок дегенде атамдын жетилигин өткөргөнчө чыдап турушпайбы, өлтүргөнү аз келгенсип, эми карга-кузгунга окшоп баары жабыла басып калгылары келишет” деп ачууландым. Эртеси, 13-июнда, дүйшөмбү күнү Жогорку Кеңешке келдим. Анда парламент азыркы өкмөт үйүндө олтурушчу. Мага менин атамдын жерлерин жана бир ишканасын бир депутат тартып алып жатканын билдиришти. Мен ал депутатка келсем “жакшылыкча мага өткөрүп бер, болбосо тартып алам, мен депутатмын, сен кимсин?  Колуңдан эч нерсе келбейт!” деди. Мен бул тууралу мурда да интервью бергемин. Мен мындай соккуну Бакиевден мурун өзүмдүн жердеш, депутатыман алгамын…

– Ал ким эле?

-Азыр эми анын атын айтсам туура болор бекен? Бирок ал менин жердешим, белгилүү саясатчы…

-Анын атын атагыңыз келбей жатабы?

-Мен албетте анын атын атай алам, бирок кандай кабыл алышат билбейм, анткени мен дагы ошол райондон депутаттыкка күрөшкө чыккам. Ал менин районуман, белгилүү саясатчы…

-Эмне үчүн айтканга болбойт?

-Ал Темир Сариев болчу!

-Темир Сариев сизди “ишканаңды тартып алам!” деп коркутканбы?

-Ооба, бир ишканабызды тартып алууга аракет кылган! Тагдырдын тамашасы деген ушул экен.

– Таңгалычтуу, сиз бул тууралу биринчи жолу ачык айтып жатасызбы?

-Ооба!

Мен өз кулагыма ишенбей турам…

Муну Сокулук районунун баары билет. Мен үчүн Темир Сариевдин бул кылыгы эки эсе оор тийген, анткени ал жердеш гана эмес, ага катары да болчу, ал депутаттыкка шайлоого чыкканда атам ага жардам берген. Атам ал кезде белгилүү саясатчы, эл арасында кадыр-баркы бар киши эле. Анан Темир Сариев депутат болуп алып, атам өлгөндөн кийин “мен депутатмын, а сен кимсин? Эгер ишканаңды жакшылыкча бербесең, баары бир тартып алам” деп кекеткени оор тийди. Ал деген “инкубдан” (спорт интернаты) да, ал бизге спортсмендерин жөнөтүптүр. Спортсмендери келип, биздин кызматкерлерди сабашкан. Ушул окуядан кийин мен ишкананын кызматкерлеринин баарын топтодум, 150дөй киши болчу, алардын баары Сокулуктуктар эле. Анан ачыгын айттым: “кечирип койгула, ишкананы жабышыбыз керек болуп жатат, мен депутат менен теңтайлашып тиреше албайм!” деп. Кызматкелер: “ким, атын ата?” дешти. Мен “силердин жердешиңер, депутат Темир Сариев!” дедим. Биздин ишканада Сокулук районунун ар кайсы айылдарынан келип иштешкен аксакалдар бар эле, ошол эле Темир Сариевдин Төш-Булак айылынан да аксакалдар келип иштешчү, ошол аксакалдардын баары жыйналып келип: “ Ай кызым, сен ачууга алдырба, бизге бир жума бер, биз Темир Сариев менен өзүбүз сүйлөшөбүз” дешти.

Мындай кылмыштуу иштерди Бакиев кылды десеңиз бир жөн эле, ал эми Темир Сариев Бакиевге оппозизия болгон да?

Анда Темир Сариев парламенттин депутаты болчу, бийликте эле, 2005-жылы революция жаңы эле болуп, ал Бакиевге оппозиция боло элек эле. Балким кийинчерээк ал оппозицияга кеткендир. Мен анда ишкерлердин, саясатчылардын арасынан көп кишилердин чыныгы жүздөрүн көрдүм. “Бийлик менен байлык адамды өзгөртөт” деп коюшат, бирок менин оюмча, “бийлик менен байлык адамды өзгөртпөйт, бийлик менен байлык адамдын чыныгы жүзүн ачат”. Бир жакшы, кооз сөздөр менен беткап кийип алып жүргөндөрдүн чыныгы жүзү баары бир бир күнү ачылат.  Мага Темир Сариевдин ал кылыгы эки эсе катуу тийди. Ал артыман келип бычак сайды!  Ал менин жердешим болчу, мен аны агамдай көрчүмүн. Атам көзү тирүүсүндө “Темир Сариев депутаттыкка чыгып жатыптыр, барып байкеңди колдоп коёлу, марафонуна жардам берели” деп чуркап жүрчүбүз.  Бул окуя мага анын чыныгы жүзүн көрсөттү, бийлик менен акча анын чыныгы жүзүн ачып берди.  Ошондон эки жума өткөндөн кийин менин эки ата агам Жаныш Кудайбергенов келип: “Темир Сариев менен сүйлөшүлдү, ал кечирим сурап, экинчи тийишпейм деди, эми сен ал ызы-чууну сыртка чыгарбай эле кой”, деп суранды…

Кыргызчалаган: Кyrgyztoday.кg

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 15 = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: