Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Корчубек Акназаровдун өмүр жолу, өрнөгү эчендеген жаш муундарга үлгү, чоң сабак болуп кала берет

Бөлүшүү:

«Корчубек Акназаровдун өмүр жолу, өрнөгү эчендеген жаш муундарга үлгү, чоң сабак болуп кала берет!», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-февралда көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Корчубек Акназаровду акыркы сапарга узатуу зыйнатында. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы жалпы журттун аксакалы, замандын залкарларынын бири Корчубек Акназаров менен түбөлүк коштошуу, бул жаратылыштын мыйзамы болсо дагы элге, мамлекетке эбегейсиз зор салым кошкон ушундай инсандардын өтүп кетиши баары үчүн чоң кайгы экенин белгилеп, маркумдун уул-кыздарына, туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

«Корчубек агабыз бүткүл өмүрүн кыргыз элине, өлкөсүнө ак кызмат кылууга арнады. Чыныгы жаратмандыктын, таза жашоонун, бийик адамгерчиликтин, мекенчилдиктин өрнөгүн көрсөттү. Ал Улуу Ата Мекендик согушта, келечек муундун жаркын келечеги үчүн согуштун акырына чейин кан майданда жан аябай кызмат өтөгөн. Согуштан кийин кайсыл кызматта иштебесин, кайсыл милдетти аткарбасын, ишине адамдык таза ыйман менен мамиле жасаган. Артынан кыпындай жаман сөз ээрчиткен эмес», — деп айтты Президент.

Сооронбай Жээнбеков Корчубек ага кажыбас эмгектин арты менен урмат-сыйдын туу чокусуна жеткенин, кайсы районду жетектебесин, ошол аймактын айыл чарбасын өнүктүрүүдө зор ийгиликтерге жетишип келгенин белгиледи.

«Ал иштеген аймактардын экономикасында, социалдык жана маданий турмушунда жакшы өзгөрүүлөр, өсүштөр болгон», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Акназаровдун эмгеги мамлекет жана эл тарабынан татыктуу бааланганын, көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн ал 1966-жылы Социалисттик Эмгектин Баатыры жогорку наамына татыктуу болгонун, эки Ленин, Октябрь революциясы, эки Эмгек Кызыл Туу жана «Ардак белгиси» ордендери менен сыйланганын белгиледи.

«Корчубек аганын өмүр жолу, өрнөгү эчендеген жаш муундарга үлгү, чоң сабак болуп кала берет. Айрыкча мамлекеттик муниципалдык кызматкерлерге, жетекчилерге аксакалдын баскан жолу сабак болушу керек. Ал элибиздин эсинде түбөлүккө калуучу унутулгус улуу иштерди жасап кетти. Турмуштук бай тажрыйбасы менен аянбай бөлүшүп, кийинкилерге акыл-насаатын айтты. Мага дагы акыл-насааттарын айтып, мамлекеттик башкаруудагы тажрыйбасын бөлүшүп, батасын берген. Корчубек Акназаров нукура элдик, залкар адам болгон», — деп айтты Мамлекет башчысы.

Президент Сооронбай Жээнбеков Корчубек Акназаров менен коштошуп, анын журт алдында ыйык парзын абийирдүүлүк менен аткарганын айтып, кыргызстандыктардын атынан ыраазычылык билдирип, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − 72 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: