Menu

Акыр заман… Баары депутат болууну самашат

Бөлүшүү:

25-январдын таңында Токмок шаарына жакын жердеги “Токмок-Автожол” өткөрмө бекетинин жанында ок атуучу курал колдонууга байланышкан чуулгандуу окуяны Чүй райондук милициясы кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү тизмесине каттоого алып, тергөө ишин баштады. Азырынча тактала элек маалыматтарга караганда, ок атуучу куралды колдонуу учуру жогоруда аталган өткөрмө бекеттин айланасында күнү-түнү шимшип, көп жылдан бери аткезчилик менен кылмыштуу бизнес жасаган эки топтун ортосунда болгондугу маалым. Учурда, калк айтса, калп айтпайт дегендей, коомчулукта жогорудагы окуяга Токмок шаардык кеңешинин жана Жогорку Кеңештин депутаттары болуп саналышкан айрым бир шектүү немелердин катышы бар экендиги айтылууда.

Буга кошумча катары белгилей кете турган нерсе — ​өткөн жылдын январь айында сүттөн ак деп эсептелген Жогорку Кенештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда аткезчиликте шектелип кармалып, ал мүчө болгон кылмыштуу топтун үстүнөн ушул күндөрдө Алматы шаарындагы райондордун биринде сот процесси жүрүүдө.

“Токмок-Автожол” бекетинин жанында көп жылдардан бери аткезчилик менен алектенип келатышкан монополист-контрабандисттер Дастан (кличкасы Даха) жана Кубанычбек (Куба) дегендер “прихватташтырган” аймакта Бахтияр (Баха), Аскат (Аха) деген жаш аткезчилер пайда болуп, ортодон дүйнө талаш чыры чыгып, Даха травматикалык тапанчасы менен Аханы 4 жерине аткан. Бул төртөөнү жакшы билгендердин айтуусуна караганда алар Акүйдөгү крышалары сыяктуу эле алдыларына жакшы максаттарды коюшкандыгы белгилүү болду — ​Жогорку Кеңешке депутат болууну пландаштырышкан “баатырлардан” экен. Жогорудагы каймана аттары менен белгилүү болгон аткезчилердин келечекте Жогорку Кеңештин жумшак креслолорунан орун табышса, төртөөсү тең тең жабыла парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана корррупцияга каршы аракеттенүү комитетине мүчө болуу максаттары бар имиш.

Неге дегенде, Куба Токмок шаардык кеңешке депутат жана ал Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Урматбек Самаевдин (кличкасы Чемпион) жакын табакташы. Айрым бир маалымат булактарынын билдиргенине караганда Чемпион Чүй райондук ички иштер бөлүмүнө келип, Ахадан кабар алып, ага эскертүү берип кеткендей…

Жогорку Кеңештин эң пассивдүү депутаты деп эсептелген коммерсант Бактыбек (Баха) Жетигенов төрт жеринен ок жеген, келечегинен “көптү үмүттөндүргөн” эртеңки күндөгү ЖК депутаты Аханын табакташы экендиги да айтылууда. Бирок, журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Б. Жетигенов жогорудагы пикирди четке каккан.

Мындан 2 күн мурда Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилиги Токмок жактагы атышууну жокко чыгарган маалымат таратты. Сыягы кылмышка коррупциянын уюгунда кызмат өтөп жатышкан чек арачылардын тиешеси бар болуп чыга калбасын деп сактангандыктан улам го. Анткен менен, травматикалык тапанча менен болсо да, 4 жеринен ок жеп, далай канын жоготуп, алсырап жаткан аткезчи Аха арыз жазуудан баш тарткан. Арыздануу кылмыш дүйнөсүндөгү түшүнүк боюнча жигитчиликке жатпаарын ага Чемпион Чүй РИИБүнө атайын келип, түшүндүрүп кеткендей…

Н.Аркабаев

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: