Menu

“Караанга” ишенген Казакбаев

Бөлүшүү:

Учурда Жогорку Кеңеште «Республика – Ата Журт» фракциясынан депутат болуп олтурган Руслан Казакбаевдин багы 2010-жылы Курманбек Бакиев бийликтен куулуп кеткенден кийин ачылды десек болот. Жетиштүү тажрыйбасы жок болсо деле Руслан Айтбаевич кыска мөөнөттө ТИМдин тепкичтеринен тездик менен көтөрүлүп, 7-апрелдеги төңкөрүштөн үч күн өткөндөн кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министри кызматына дайындалган. Бул тизгинди ал 2012-жылдын 6-сентябрына чейин мыкчып олтурду. Албетте, анын мындай даражага жетүүсунө жакын досу, ал кездеги «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун көмөгү зор болгондугу айтпасак да түшүнүктүү. Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн сырткары кетүүгө аргасыз болгондо, ал фракция лидерлигин колго алган, бирок, кыска мөөнөттө эле лидерликтен кетүүгө аргасыз болду.

Баса, министр болгонго чейин ТИМдин Консулдук кызмат департаментинде иштеп туруп өң тааныштарга кызматтык жана дипломатиялык паспортторду мыйзамсыз берүү менен алектенгендиги тууралуу маалыматтар бар. Руслан Айтбаевич ырымчыл, маанилүү иш-чараларга катышаар алдында ал көзү ачыктардын божомолун угуп, бүбүбакшыларга жол ачтырат деп уккан жайыбыз бар. Акыркы учурларда ал экс-президент Алмазбек Атамбаевге маал-маалы менен жолугуп, өлкөдөгү саясий процесстер боюнча, Бабановдун Кыргызстанга кайтып келүүсү тууралуу да пикир алмашып, «Форум» тарапка ат тезегин кургатпай каттап жатканы маалым. Анын үстүнө Өмүрбек Бабановдун командасын өз тарабына тарткысы келген Атамбаев «Республика-Ата Журттун» экс-лидеринин дарегине жылуу кептерин аябай, президенттик шайлоо алдында мураскер тандоодо ката кетиргендигин баса белгилеп, «Бабанов мамлекеттин башчысы болууга татыктуу» деген жана башка көп «калпеле-эметмелерди» айтып келет. Ал эми Атамбаев менен мамилесин ачыкка чыгаруудан сактанган Руслан Казакбаев жакында эле Бабановго карата козголгон кылмыш ишин кыскартуу жана анын өлкөгө кайтып келүүсүнө мүмкүндүк берүү өтүнүчү менен өлкө башчысына кайрылгандыгы белгилүү. Айтор, ары-бери чабагандаган Казакбаев кандай үмүт менен кайсы «караанга» ишенип жүргөнү белгисиз. «Үмүтсүз шайтан» демекчи, же Атамбаев кайрадан бийликке келип калабы деген илгери үмүт менен жашап жүрөбү?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: