Menu

Казынага кол салган “коррупционерлер” ким экенине карабай жазаланышы керек!

Бөлүшүү:

Былтыр дал ушул маалда ЖЭБ жылмыша тоңуп, кыштын ызгаарында борбор калаа жылуулуксуз калганы далайга чейин көпчүлүктун эсинен кетпесе керек. Учурда ЖЭБди реконструкциялоодо көз боемочулукка барып, оңдоп түзөөнүн ордуна акчаны сол чөнтөккө сологондор колу менен кылгандарын моюну менен тартуу алдында турушат. Туура да, 386 млн долларды оңду-солду чачып, максаттуу пайдаланылбастан андан өөнөп «уурдоо» мамлекетке болгон чыккынчылык эмей эмне?! Бугүнкү күндө ЖЭБ маселесине байланыштуу жаңы жагдайлар чыгууда. Кезинде Жогорку Кеңеш тарабынан текшерүүчү топ түзүлүп, кимдин кандай күнөөсү бар экендиги акыйкат аныкталган. Жыйынтыгында жылуулук борборундагы авария боюнча төрт кылмыш иши козголуп, сот иштери уланууда. ТБЕА компаниясы тарабынан мектеп куруу үчүн берилген акча каражатын туура эмес колдонулушу боюнча бешинчи кылмыш иши да козголду. Шектүулөрдүн башында мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖК депутаты Осмонбек Артыкбаев, мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдор бар. Азырынча бир гана иш боюнча биринчи инстанциянын чечими чыккан. Бишкектин Биринчи май райондук соту «Электр станциялары» ААК генералдык директорунун орун басары Бердибек Боркоевге жети жыл алты ай эркинен ажыратуу, мурунку техникалык директор Алмаз Жусупбековго жети жыл камак жазасын берген.

Айтайын дегеним, кээ бирлер уурдагандарын моюнуна албай, «Уурусу күчтүү болсо ээси доого жыгылат» дегендей: «Бул саясий куугунтуктоо, Атамбаевдин командасына куугунтуктоо жүрүп жатат» -деп эле кыйкырып жатышат. Камакка алынгандардын ар бирине токтолсок, ар бирине ар түрдүү жагдайларда иш козголгон. Мисалы Жантөрө Сатыбалдиев дагы экс-ажонун командасында болгон деп айтабызбы? Учурда Президентибиз коррупция менен күрөштү баштады, кимде ким элдин акысын жеген болсо, мамлекеттин казынасынан уурдаган болсо ал ээлеген кызматына, элге жасаган анча-мынча жумушуна карабай туруп өз жазасын алыш керек. Булардын оюна койсоң саясий куугунтук деп бет тырмоочулукка барып, күнөөлөрүн моюндагылары келбейт. Ошондуктан учурдагы абалга туура саресеп салсак.

Назгүл Исакова

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: