Түркмөн бийлиги өткөн жумадан бери мектеп окуучуларынын телефондорун текшере баштады. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы жазды.
Басылманын маалыматына караганда, коопсуздук кызматынын өкүлдөрү күтүүсүздөн класстарга кирип барып, окуучулардын телефондорун партага коюусун талап кылышууда.
«Негизинен чоң класстардын окуучуларынын телефондору каралууда. Текшерип келгендер алардын телефондорун алып, андагы сүрөт жана видеолорду текшерип жатышат», — деп жазды басылма.
Маалыматка караганда, Ашхабаддагы мектептердин биринде телефонунан Франциядагы нааразылык акциясына катышып жаткандардын сүрөтү табылган бала жазаланган.
«Ал мектепте текшерүү 1-февралда болуп, окуучулардын биринин телефонунан сары кемселчен нааразылык акцияларын өткөрүп жаткан француз жарандарынын сүрөттөрү табылган. Ал баланы дароо суракка алышып, бир нече жолу жаакка чабышты», — деп билдирди басылманын кабарчысы.
Азырынча баланын андан кийинки тагдыры белгисиз. Бул боюнча аталган мектептен жана өлкөнүн Улуттук коопсуздук министрлигинен комментарий алууга мүмкүн болгон жок.
Өткөн жумада Түркмөнстандагы студенттерге кышкы каникул маалында уюлдук телефон жана интернет колдонууга болбой тургандыгы эскертилген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ