Menu

Кенжебек Бокоев, “Республика – Ата-Журт” фракциясынан ЖК депутаты: “Билими бар адис айылдарга барбайт, ал эми айылдагылар конкурстан өтө алышпайт”

Бөлүшүү:

– Кенжебек Сатымкулович, конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин жыйынында «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 2-окуудан жактырылды. Бул мыйзамга карата сиздин көз карашыңыз кандай?

– Бүгүнкү күндө муниципалдык кызматкерлерди эч ким карабай калды. Себеби, акыркы жылдары өкмөттүн сунушу менен мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү эки мыйзам бириктирилип, бир мыйзамга айландырылган. Мен ошондо эле каршы чыккам. Конституция боюнча мамлекеттик кызмат менен муниципалдык кызмат эки бөлөк. Мамлекеттик бийлик менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу эки башка жазылган. Өз алдынча башкаруу өзүнчө институт. Биз болсо аларды бириктирип салдык. Анын натыйжасы эмне болду? Айыл өкмөтүнө айлыгы 6 миң сомдук жер адиси болуп кирем деген талапкер мамлекеттик кадр кызматынан тесттен өтүшү керек. Акүйгө ишке кирсе да, Алайдагы же Баткендеги айыл өкмөтүнө ишке кирсе да ошол жерден тесттен өтүшү керек. Мыкты билими бар адистер айылдарга барбайт, ал эми айылдагы ишке дилгирлер конкурстан өтө албай жатышат. Ошондон улам коллизия болуп, бүгүнкү күндө 1100дөн ашуун бош орун пайда болду. Бул «453 айыл өкмөтүнүн ар биринде үчтөн бош орун бар» деген сөз. Эми бул маселени чечүүгө же өкмөт же ГАМСМО бир аракет кылып койгон жок. Негизи эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында реформа, өзгөртүү жасайлы деген аракет жок. Президентке, Жогорку Кеңешке, өкмөткө келген кайрылуу, арыздардын дээрлик 90 пайызы айылдан келет. Бирок, айыл каралбай калды.

– Бирок, муниципалдык жана мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамдардын бириктирилиши – муниципалдык кызматкерлердин макамын, кадыр-баркын көтөрөлү (!) деген жакшы ниет менен жасалган эмес беле?

– Мамлекеттик кызмат менен муниципалдык кызматтын макамы тең, муниципалдык кызматта чениң бар болуп, мамлекеттик кызматка которулсаң ошол чениң сакталат деп ага чейин эле жазылган болчу. Бирок, айырмасы: муниципалдык кызматка кире тургандар конкурсту ГАМСМОдон өтчү, ченди да ошол жерден алышчу. Бүгүнкү күндө ГАМСМОнун эч кандай кереги жок болуп калды. Ал бир да адисти жумушка кабыл алып, кетире албайт. Чен да бере албайт. Андай болсо ГАМСМОну жоюп эле салыш керек.

– Айыл өкмөттөрүндө иштөөнү каалагандар үчүн конкурстарды бир аз жеңилдетсе болот да?

– Туура. Антпесе, айылга ким барат? Айылга азыр врачтар, мугалимдер да барбай калды. Ошон үчүн жанагындай бош орундар пайда болуп жатат да.

Акыл Эшимбеков

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: