Menu

Ректор Канат Садыковду каралоонун артында кимдер турат?

Бөлүшүү:

«Рухэш» сайтынын блогери Олжобай Шакир Ж. Баласагын атындагы КУУну жамандап, ролиги менен интернетке чыгарды. Бул кокустук эмес, же билим берүүнун бир проблемасын териштирген журналисттик иликтөө да эмес, болгону улуттук университеттин ректору Канат Садыковду жаманатты кылыш үчүн заказ менен жасалган материал экени айкын көрүнүп калды го «Рухэш» сайтынын блогери Олжобай Шакир Ж. Баласагын атындагы КУУну жамандап, ролиги менен интернетке чыгарды. Бул кокустук эмес, же билим берүүнүн бир проблемасын териштирген журналисттик иликтөө да эмес, болгону улуттук университеттин ректору Канат Садыковду жаманатты кылыш үчүн заказ менен жасалган материал экени айкын көрүнүп калды го?

Үч-төрт ай мурда Үмүт Култаева Кытайдан сыйлык алганы жөнүндө Олжобай Шакирге интервью берип, университетти сындап өткөн жайы бар экен. Экинчиден, Олжобай Шакир менен университеттин мамлекеттик тил боюнча проректору Садык Тиллебаев жакшы чыгармачыл байланышта жүрүшкөнү белгилүү. Ошол эле Садык Алахан Ү. Култаева менен И. Арабаев университетинде чогуу иштешкен жакын санаалаштардан. Ушинтип булардын «тамырлары» байланышып чыгып атпайбы…

Үмүт Култаева болсо «улуттук университетке келем» деп чамынса, Кенжебек Бокоев, Руслан Казакбаев баш болгон таластык депутаттар аралашып, ортого түшүп жатышканы калппы? Анткени, Үмүт Култаева кезинде Өмүрбек Бабановдун Он-Адырда сүйлөгөн сөзүнө лингвистикалык эксперт болуп берген экен. Ошон үчүн Бабановдун партиялаштары сүйүктүү эжесине чуркап жатышканы логикага туура келип атпайбы. Ү.Култаеванын «университетке келем» деген аракети жакшы, бирок жакын кишилеринин бири Кадыркул Даутов Жогорку Кеңешке чейин барып, университетти жамандап, ректор К. Садыковдун үстүнөн арызданып жүргөнү кандай?

Ал эми Олжобай Шакир болсо К. Даутовдун үйүнө чейин барып, маектешип жүргөнү чыгармачыл тар чөйрөгө айкын. Демек, интернеттеги материалдын түйүнү чечилди окшойт. К. Даутов, Ү. Култаева, С. Тиллебаев бир команда экени белгилүү, булардын «штабы» проректордун кабинети. Алардын максаты улуттук университеттин ректору Канат Садыковду каралап, жаманатты кылып, кызматтан кетирүү. «Ордуна Садык Тиллебаев же Үмүт Култаева келет экен» деген сөздөр бар. «Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» эмеспи…

Жогорку аты аталгандардын «айдактоосу» менен интернет айдыңынан дагы жаш «шыбакчылар» токтобой атканын кайда жашырабыз? Сыягы, булар «трабалисттик оорусун» кийинки муунга да жугузуп атышат окшойт. Бирок, чындык Канат мырза тарапта экени баары бир айгинеленет.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: