Menu

Ишенбай Кадырбеков, коомдук ишмер: “Алтынчы чакырылыштын депутаттарынын легитимдүүлүгү чоң суроо жаратат”

Бөлүшүү:

-Ар бир чакырылыштын депутаттары ар кандай жоруктары, мыйзамдары менен эсте калат. Улам кийинки чакырылыштагы депутаттарга нааразычылык күч алып баратат. Мыйзам чыгарган депутаттардын ичинен кылмышка шектүүлөр чыкканы өтө өкүнүчтүү…

– Биринчиден, бул депутаттарды эл шайлаган жок. Ошондуктан бул депутаттардын легитимдүүлүгү да чоң суроо жаратат. Себеби, Конституцияда 70-беренеде «эл депутаттарды шайлайт» деп жазылып турат. Ал эми шайлоо мыйзмынын негизинде ага карама-каршы «эл партияны шайлайт» деп койгон. Баарыбыз тең партияга добуш бердик. Залда партиянын өкүлдөрү отурушу керек. Бирок, партияга жашынып кимдер келди? Кайсы кишилер келди? Буларды же партиянын лидерлери алып келдиби? Муну эл билбей калганына он жылдан ашык убакыт болуп калды. Эл билбеген адамдар бийликтин чокусунда отурушат. Мына ошонун артынан кандай мыйзамдарды кабыл алып жатышканы да көрүнүүдө. Казакстандын жараныбы, кай жактын жараны, кимбиз билбей калдык. Эмне себептен биз партияга добуш берсек, алар мандатты эл билбеген адамдарга таратып берип жатат? Мунун баары белгисиз бойдон калууда. Ошондуктан баа бериш да кыйын болуп турат. Демократиялуу мамлекетте бийлик элде болушу керек. Эл болсо өзүнүн бийлигин бюллетень аркылуу башка кишиге өткөрүп берет. Айтор, эл алданып калды.

– Келерки шайлоого да аз эле убакыт калды. Бул система кала береби, же өзгөртүүгө жетишебизби?

– Ушул маселени көтөрүп президентке да айттым. Мурдагы төрагаларга да айттым. «Конституциянын гаранты катары оңдогула. Депутаттарды эл шайласын. Элге жакшы мүмкүнчүлүк бергиле. Бюллетенге партиянын аты жазылбай, шайланып жаткан адамдардын ысымы жазылсын. Эл кимди шайлап жатканын, партиялар кимди алып келип жатканын көргөндө гана оңолуу болот» деп какшап келем. Экинчиден, Конституциялык гарант болгондон кийин Конституцияга карама-каршы келген мыйзамдарды оңдош керек. Тилекке каршы, президенттин жумушчу тобу ушундай маселелерге көңүл бурбай, азыркы абал кандай болсо ошондой калтырганга сунуш берип жатат. Эми парламентте отургандар ошого добуш беришет. Парламентте болсо кимдер отурганын билбейбиз. Айтор, Кыргызстан кызык эле абалга кабылып калдык. Президент болуп ким шайланары көрүнөт, ал эми парламентке кимдер келерин билбей калдык. Мындайча айтканда, беш адам – беш партиянын лидери кимдер депутат болорун ошолор чечип калды.

– Олигархтар чогула калып бир партия түзүп, кайра жемишин көрүп жаткандай…

– Партия ичиндеги орундар сатылганы баарыбызга маалым. «Депутат болом» дегендер баарын акчага сатып ала баштады. Биринчи этабынан отүп партияга кирсе, экинчи этабы шайлоочуларды сатып ала башташты. Шайлоочуларга «элге иштей турган адамдарды шайлагыла»дейбиз, алар шайлайын десе алдыңкы беш партиянын гана тизмеси турат. Ошондуктан парламентке да, депутаттарга да «мыйзамды оңдогула» деп какшаганыбыз какшаган.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: