Menu

Зилалиевдин дагы бир былыгы

Бөлүшүү:

УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов 30-январда Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып, мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Геология боюнча мамлекеттик агенттикти
жетектеп турган кезде эң көп лицензия берилгенин айтты. Кайран Зилалиев капчыка катыра иштеген тура. Коомчулукта неге эле ага «Зил» каймана аты берилген десе, лицензияларды дүңүнөн берип, алчусун алып мыйзамсыз байыган турбайбы. Мына ошол Зилалиевдин тушунда мыйзамсыз берилген лицензиялар боюнча 13 компания боюнча факты териштирилип жатат. Убагында лицензияларды оңду-солду таркаткан Дүйшөн Зилалиев 9-декабрь күнү эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Ага Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси (“Мыйзамсыз баюу”) боюнча иш козголду. Аны 8-декабрда УКМКнын кызматкерлери кармаган. Дагы бир белгилей кетчү жагдай Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында берилген лицензиялардын үчтөн эки бөлүгүн ушу Зилалиевдин убагында берилиптир.

Булак: «Факты»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: