Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпинди Жаз майрамы менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинди Жаз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди Жаз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктаймын!

Жакында эле Кытай реформа жана ачык саясат жүргүзгөндүгүнүн 40 жылдыгын майрамдады. Бул саясатты жүргүзүүдө Сиздин мамлекетиңиз таасирдүү ийгиликтерге жетип, аймактык жана эл аралык иштер боюнча маанилүү ролду ишеничтүү аткарып келет. Буга үстүбүздөгү жылы Кытай Эл Республикасында өтө турган кезектеги кѳп тараптуу эл аралык кызматташтык боюнча „Бир алкак — Бир жол“ форуму далил.

Кыргыз-кытай мамилелери негизинен Сиздин жеке аракетиңиздин натыйжасында мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетип, достук, теңдик жана өз ара пайдалуу кызматташуунун үлгүсү болгондугун белгилеп кетүү маанилүү. Белгилеп кетсек, 2018-жылы Кыргызстан менен Кытай эки тараптуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге кѳтѳрүп, ал ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккѳ жетти. Муну менен бардык тармактардагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтык андан ары күчтѳнүүдѳ. Андыктан Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамилелердин өнүгүүсүнө Сиздин жеке кѳңүл бургандыгыңыз үчүн ыраазычылыгымды билдирем.

Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук жана ынак коңшулук өнөктөштүк эки тараптуу мамилелердин бүт спектринин тыгыз өнүгүүсүн мындан ары да шарттайт, ал эми 2019-жыл Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жылы болот деп ишенем.

Кыргыз тарап Кытай менен тыгыз кызматташууга даяр экендигин белгилеп, ушул жылы Сиз менен жакынкы арада мамлекеттик сапардын жана Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында жүз көрүшкөнгө ниеттенем.

Сизге, урматтуу Төрага мырза, бекем ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу мамлекеттик ишиңизде албан-албан ийгиликтерди, ал эми Кытай элине — тынчтык жана гүлдөп-өсүү каалайм», — деп белгиленет Президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоо телеграммасында.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − 98 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: