Учурдагы көрүнүктүү тарыхчы-окумуштуулар, тарых илимдеринин докторлору Ташмамат Кененсариев менен Кыяс Молдокасымов Кыргызстандын жана кыргыз улут тарыхын изилдөөгө жаңы дем менен киришти.
Эски Ташкен шаарынын бай архивин аңтарып, кыргыз тарыхынын актай барактарын толуктай турган маалыматтарды издеп, Өзбекстанды көздөй жолго чыгышты.
К.Молдокасымов өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына: “Элибиздин мыкты тарыхчысы Ташын Кененсариев агай менен Ташкентке сапарга чыктык. Өзбекстан Президенти Шавкат агабызга Рахмат! Архивде иштөөгө мүмкүнчүлүк ачылды”, – деп жазды.
Булак: Kyrgyz Today
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ