Menu

Гуайдону Венесуэланын президенти катары тааныган ЕБ өлкөлөрү көбөйүүдө

Бөлүшүү:

Венесуэла парламентинин башчысы Хуан Гуайдону өлкөнүн президенти катары тааныган Европа мамлекеттеринин саны көбөйүүдө.

Учурда расмий түрдө мындай билдирүүнү 12 мамлекет жасады. Алар Испании, Германии, Улуу Британия, Франции, Австрия, Швеция, Нидерланд, Финляндия, Дания, Португалия, Латвия жана Литва. Бул өлкөлөрдүн бардыгы тең мөөнөтсүз президенттик шайлоо өткөрүүнүн гаранты катары Гуайдону өлкөдө демократия орногонго чейинки убактылуу президент деп тааныганын билдиришти.

Күн мурун мөөнөтсүз президенттик шайлоо жарыялоо үчүн Европа биримдигинин бир нече өлкөсү Венесуэланын президенти Николас Мадурого берген 8 күндүк мөөнөт аягына чыккан. Мадуро жооп катары президенттик эмес, парламенттик шайлоо өткөрүүгө макул болгон.

Ошол эле маалда ЕБдин дүйшөмбүдө жарыяланган билдирүүсүнүн долбоорунда биримдик Гуайдону президент катары таануу боюнча бирдиктүү позиция менен чыкпай турганы жазылган. Ошондой эле анда Италия учурда Гуайдону президент катары таанууга каршы болгону белгиленген.

Буга чейин АКШ жана Латын Американын бир нече өлкөсү Гуайдону президент катары тааныган.

Азырынча Венесуаэлада башкаруу рычагдары, анын ичинде күч түзүмдөрү Мадуронун колунда калууда. Аны Орусия, Куба, Түркия жана Кытай сыяктуу өлкөлөр легитимдүү президент катары эсептешүүдө. Дүйшөмбүдө Мадуро өлкө жарандарын АКШ сунуштап жаткан гуманитардык жардамдан баш тартууга чакырган. Ал ошондой эле Вашингтонду аскердик кийлигишүүгө даярданып жатат деп айыптап, ага каршы кол топтоо башталганын жарыялаган.

Хуан Гуайдо өзүн президент деп жарыялап, былтыр Мадуро жеңишке жеткен шайлоо мыйзам бузуу менен өткөнүн билдирген. Венесуэлада экономикалык каатчылык өкүм сүрүп, азык-түлүк тартыштыгы болууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 86 = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: