Ажобуз Сооронбай Шарипович коопсуздук кеңештин жыйынында аткаруу бийлигинин тоо-кен тармагындагы алсыз аракеттерин ачуу сынга алды. Атургай, тармактык комитеттин башчысы Эмиль Осмонбетовду «колуңан келбесе кетпейсиңби» таризинде зекип кетти. Бул жигитти ушул кызматка көрсөткөндө көпчүлүк эл өкүлдөру өкмөт башчыга өзгөчө каршылык көрсөтүшкөн. Өкмөт башчы көгөрүп отуруп өткөзгөн, өзүм тартам жоопкерчиликти деп. Эми минтип эл башчысы айткандан кийин эрдин кесе тиштеп отурса керек. Кызматтык кабинетиндеги телевизорду уурдап баратып кароолчуга кармалган адамдан эл эмнени күтсө болот? Кадрды тандаганда капчыктын калыңдыгы эмес, кадырдын калыңдыгы эске алынышы керек. Депутат Жанар Акаев ушундай кадрлар кайра кайрылып келип жатканына каны кашайып айтты эле, «Өкмөт, силер ушундай элдин кыжырын келтирген кадрларды кайдан табасыңар же эмнеге атайылап ушундай иштерге барасыңар» – деп. Этеги жаман жерден айрылгандын, эртеңкиси эптеп эле экен да…
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ