Бишкектин район аралык соту Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жусупбек Коргонбай уулун мандатынан ажыратуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы менен аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдерин жокко чыгарды. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты.
Соттун чечими 1-февралда чыккан.БШКнын маалымат бөлүмү кабарлагандай, алар бул чечимдин үстүнөн Жогорку сотко кассациялык арыз берүүгө камданып жатышат.
Аймактык шайлоо комиссиясы Жусупбек Коргонбай уулу мурда Орусиянын жарандыгын алганы аныкталганын билдирип, 2018-жылдын 19-декабрында аны мандатынан ажыраткан. 26-декабрда БШК бул чечимге даттанган Коргонбай уулунун арызын карап, аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин күчүндө калтырган. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова анда Коргонбай уулу Орусиянын паспорту менен төрт жолу кыргыз чек арасынан өткөнү чек ара кызматы аркылуу тастыкталганын билдирген эле.
Жусупбек Коргонбай уулу мурда Орусиянын жарандыгын албаганын билдирип, сотко кайрылган.
Кыргызстанда чет мамлекеттин жарандыгын алган аткаминерлер маселеси буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарына жана башка жетекчилерге байланыштуу да көтөрүлгөн.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ