Menu

Рыскелди Момбеков, ЖК депутаты: “Улуттук компаниялар уурулук компанияларга айланууда”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 5-февралда Жогорку Кенештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш иштери боюнча комитетинин көчмө отурумунда депутат Рыскелди Момбеков “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын ишмердигин катуу сынга алды.

Бул мамлекеттик ишкананы акционердик коомго айлантуу боюнча аракеттер жасалып жаткан. Буга кыжырданган депутат: “Кыргызалтын” Акционердик коомунун мурдагы башчысы Дильгер Жапаров 200 млн. доллар акча уурдап, анан бул кылмышы үчүн 2 жыл эле түрмөдө отуруп, эркиндикке чыгып кеткендигин эске салып: “Акционердик коомдордун табияты ушундай: Кыргызстандагы Улуттук компаниялар ууру компанияларга айланууда”  деп айтты.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын ишмердигине ичи чыкпаган Р.Момбеков ишкана жетекчилигин: “Эмне үчүн “локомотивдерди” сатып алдыңар? Ушинтип силер тууган тоокту туубаган тоокко алмаштырып жатпайсыңарбы…Киреше берип аткан тармагыңарды не максатта өлтүрүп жатасыңар?” – деген суроо менен жарга такады. Депутаттын айтымында, жургүнчүлөрдү ташуу -“Кыргыз темир жолунун” чыгашалуу тармагы.

Эске салсак, КР Башкы прокуратурасы директорлор кеңеши жана акционерлердин жалпы чогулушунун чечим менен, 2013-жылы “Кумтөр Голд Компани” ААО “Сентерра голд инк” компаниясына дивиденд катары 200 млн. доллар акчаны мыйзамсыз төлөп бергендигин аныктап, Д.Жапаров ошол кылмыш иши боюнча жоопкерчиликке тартылган

Булак: Kyrgyz Today

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 62 = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: