Быйыл бүт Кыргызстан боюнча картошканын базардагы баасы арзан. Адаттагыдай эле картошка мол эгилген Ысык-Көл облусунда анын килограммынын баасы 4 жарым, 5 сомдон жогору көтөрүлбөй жатат. Бул баа картошканын өзүнө кеткен чыгымды да актабайт. Анткени, жазда фермерлер картошканын уругунун килограммын эле 20 сомдон сатып алып, эгишкен. Эгер базар баасы жогорулабаса, аны сатуудан эч кандай пайда жок, жүздөгөн тонна картошка жөн гана чирип кетиши мүмкүн.
Дыйкандар мындай кыйчалыштык учүн Өкмөттү, өзгөчө, айыл чарба министрлигин айыпташууда. “Жазында министрлик: “Биз Өзбекстан менен келишим түзүп койдук. Картошканы ошолор казарыңар менен эле сатып алып кетет. Коркпой эге бергиле” деген көрсөтмө берген болчу. Бирок, Өзбекстан картошканы сатып алуудан баш тартты” дешет алар.
Ал эми айыл чарба министрлиги эч кандай чара көрө албай, алакан жайып отурат. Өзбек тарап болсо картошка сатып алуу боюнча Кыргызстан менен эч кандай расмий келишим тузүлбөгөндүгүн, өкмөт аралык сүйлөшүулөр болбогондугун билдирүудө.
Чындыгында, Өзбекстан региондогу эң чоң керектөөчү. Бирок, өзбек бизнесмендери картошканы Кыргызстандан эмес, Пакистандан ташып келүүнү эп көрүшүүдө. Анткени алардын продукциясы кыргызстандыктардыкына караганда кыйла арзанга түшөт.
Булак: Kyrgyz Today
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ