Menu

Булак: Мирзиёев кудасын Коопсуздук кызматынын төрага орун басары кылып дайындады

Бөлүшүү:

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 2-февралда кудасы Батыр Турсуновду өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын төрага орун басары кызматына дайындады.

Өз булактардын кабарлашынча, Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Жахангир Эгамов 25-декабрдагы жыйын маалында Мирзиёев тарабынан кызматтан алынган. Бирок анда бул тууралуу ЖМКларда эч нерсе айтылган эмес. Мындан тышкары Эгамов баш болгон Коопсуздук кызматынын жогорку даражадагы бир нече кызматкерине «Коррупция» беренеси менен кылмыш иштери козголгону кабарланууда.

72 жаштагы генерал Батыр Турсунов өлкөнүн ички иштер органдары менен коопсуздук кызматындагы эң белгилүү адамдардын бири болуп эсептелет. Эмгек тажрыйбасын өткөн кылымдын 80-жылдары КГБда баштаган Батыр Турсунов көптөгөн жылдар бою өлкөнүң коопсуздук органдарында иштеп келген.

Шавкат Мирзиёев 2016-жылы президент болуп шайлангандан кийин Турсунов Өзбекстан Улуттук гвардиясынын башчысынын орун басары болуп дайындалган.

Батыр Турсуновдун уулу Ойбек Турсунов Шавкат Мирзиёевдин улуу күйөө баласы.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 + = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: