Menu

Калыйбек Саляновду экстрадициялоо боюнча АКШга өтүнүч жөнөтүлдү

Бөлүшүү:
Ички иштер министрлиги Бакы прокуратура аркылуу Калыйбек Саляновду экстрадициялоо боюнча өтүнүч жөнөттү. Бул тууралуу министрдин орун басары Мирлан Каниметов билдирди.

Анын айтымында, Салянов Камила Дүйшөбаева аттуу кыздын өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинде тергөөгө тоскоолдук кылууга шектүү катары өтүүдө.

Каниметов Салянов АКШда миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн кармалып, текшерүү маалында Интерпол тарабынан издөөдө жүргөнү аныкталган.

19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаеванын сөөгү 2014-жылдын 16-мартында шаар четиндеги Байтик айылынан табылган. Бул өлүмдү иликтөө боюнча ыкчам топ түзүлүп, 400гө жакын адам суракка алынган. Алардын арасында Калыйбек Салянов да болуп, алгач ал күбө катары суралып, кийинчерээк анын бул иште шектүү катары өтүп жатканы кабарланган. Ички иштер министрлиги аны тергөөгө каршылык көрсөтүүгө айыптап, ага издөө жарыялаган.

Калыйбек Салянов мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын агасы. Ал агасына кылмыш иши саясий негиздер менен козголгонун билдирип келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − 36 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: